Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 19-2
«Н.Исанов атындагы айыл округунун 2013-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылы бюджетинин аткарылышын Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши туруктуу комиссиясы карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2013-жылдын бюджетиндеги иштелбеген Тескей-Кожеке айылынын таза суусу үчүн бөлүнгөн 100,0 миң сомду Чеч-Дөбө, Жар-Коргон таза суусуна жылдырып берилсин.
2. Иштелбей калган коммуналдык чыгымдардан Ноока районун өзүнчө резервдик ростасын кийим кече менен камсыз кылуумаксатында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын №59 токтомунда көрсөтүлгөн 33,6 миң сом которулуп берилсин жана иштелбей калган беренелердеги акча каражаттарын керектелүүчү беренелерге жылдырып иштетилсин.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатын көзөмөлдөп иштетүү жагын айыл округунун ФЭБнун башчысы М.Ботобаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Беренелердин жылышы боюнча тиркеме тиркелет.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |