Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 20-3
«Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл кеңешине караштуу Жар-Коргон айылындагы жашаган элдер аты жок көчөдө Айтикулов Абсаматтын атын коюу боюнча айыл кеңешинин депутаттарына сунуш каты менен кайрылышкан. Айыл кеңешинин депутатары сураныч катты карап чыгып көп жылдан бери Ноокат райондук жана Ош областык Архитектура бөлүмүнүн башкарып жүрүп өтүп кеткен. Айтикулов Абсаматтын атын көчөгө коюу жөнүндө айыл кеңешинин депутатары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылындагы аты жок көчөдө жашаган элдердин сунуш катын эске алып көп жылдан бери Ноокат райондук жан Ош областык Архитектура бөлүмүн башкарып жүрүп өтүп кеткен айтикулов Абсаматтын атын аты жок көчөгө клюу үчүн макулдук берилсин.
2. Жар-Коргон айылындагы аты жок көчөгө берилген Айтикулов Абсаматтын атын көчөлөргө жазып үй номерлерин тактап илдирүү жагы Жар-Коргон айылынын айыл башчысы Айдосовго жана көчө комитети Алимжановго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |