Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-декабры № 20-5
«Депутаттык мандат жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин №5373- Жар-Коргон шайлоо округунан шайланган депутат Асанов Нурланбек Эсенбаевич , №5486 Күнгөй-Кожеке шайлоо округунан шайланган Колдошов Данияр Темиркулович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүмчөсүндө белгиленгендей ушул эле мыйзамдын 24-беренесинин 2-3-бөлүмчөсүнө ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу мандатын тапшыруу үчүн айыл Кеңешинин депутаттарына атайын арыз менен кайрылган. Ошол арызды карап чыгып депутатар төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин №5373- Жар-Коргон шайлоо округунан шайланган депутат Асанов Нурланбек Эсенбаевич, №5486 Күнгөй-Кожеке шайлоо округунан шайланган Колдошов Данияр Темиркулович башка кызматка которулгандыгына байланыштуу жазган арызынын негизинде 28-декабрь 2013-жылдан баштап депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин №5373 Жар-Коргон жана №5486 Күнгөй-Кожеке шайлоо округунан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |