Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 20-6
«Айыл өкмөтүнүн мүлктөрүн өткөрүп берүү жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл кңешинин депутаттарынын талаптары боюнча 2013-жылдын 19-декабрь күнү айыл өкмөтүнүн башчылык кызматына шайлоо өтүп Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына 2 талапкер катталган. Алар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келе жаткан Кудайбердиев Бакыт Арапович жана айыл кеңешинин депутаты К.Жолдошов атындагы орто мектебинин окутуучусу Асанов Нурланбек Эсенбаевичтер. Шайлоо мезгилинде айыл кеңешинде 17-депутат болгон. Алардын бардыгы шайлоого толук катышты. Кудайбердиев Бакыт Араповичге 8 депутат добуш берген. Ал эми Асанов Нурланбек Эсенбаевичге 9 депутат добуш берип айыл өкмөтүнүн башчысы болуп көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон Асанов Нурланбек Эсенбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Жогорудагы жаңы-жылдан шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы Асанов Нурланбек Эсенбаевичге айыл өкмөтүнүн мүлкүн өткөрүп берүү үчүн айыл кеңешинин 5 депутатынын кайрылуусу менен комиссиянын курамы түзүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн мурдагы айыл башчысы айыл өкмөтүнүн мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбердиев Бакыт Араповичден жаңы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы Асанов Нурланбек Эсенбаевичге айыл өкмөтүнүн мүлкүн өткөрүп берүү үчүн айыл кеңешинин 5 депутаттарынын комиссиясынын курамы кирсин.
1. №5372 Чеч-Дөбө шайлоо округунан шайланган депутат Абдыкеримов Абытайыр
2. № 5374 Кошчан шайлоо окуругунун шайланган депутат Сыдыков Маматали
3. №5486 Күнгөй-Кожеке шайлоо окуругунан шайланган депутат Кулушова Нуркан
4. №372 Чеч-Дөбө шайлоо окурунунан шайланган депутат Маманов Мурзакарим
5. №5486 Жаңы-Базар шайлоо окуругунан шайланган депутат Абдибаитова Батмалар айыл өкмөтүндө катталган мүлктү өткөрүп берүүгө толугу менен бүткөн күнгө чейин катышышсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |