Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 29/9
Кошчан сайын иретке келтирүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айылаймагына караштуу Кош-Чан сайындагы дариясын агым сайдан кум , таш алып абдан бузулган. Ошол сайды иретке салуу үчүн айыл Кеңешинин депутаттары атайын отурумда карап чыгышып дарияга аккан сууну өз нугуна салып иретке келтирүү үчүн №5374 Кош-Чан шайлоо округунан шайланган Сыдыков Маматали Надировичти жетекчи кылып сайдын жээгин суу жедирбейт. Сайдан кум, шагыл алууну жолго салуу үчүн айыл Кеңешинин депутаттары карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кош-Чан сайындагы аккан сууну өз нугуна салып , кум , таш алууну жолго коюуп сайдын жээктерин суудан сактап иреттеп иш алып баруу боюнча айыл Кеңешинин депутатты Сыдыков Маматали Надировичти жетекчилик астында иш алып барылсын.
- Кош-Чан жана Жаңы-Базар сайларынан кум, шагыл, таш алынуучу жерлерден Сыдыков Маматали Надировичдин макулдугу менен көрсөтүлгөн жерден алууга макулдук берилсин.
- Уруксатсыз өз алдынча кум, шагыл, таш алган ууна ээлерине тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын депутат М.Сыдыковго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.П. Байдѳѳлѳтов |