Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 29/10
Айыл кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айылдарды коомдук иштерге жакшы катышып эл арасында кадыр баркы жогору болгон аялдарды айыл Кеңешинин депутаттары эмгектерин баалап 8-март эл аралык аялдар майрамы менен айыл Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айылдардагы коомдук иштерге активдүү катышкан эл арасында кадыр баркы жогору болгон Казыканова Бүажар , Эген кызы Гүлнара , Пазылова Сайрагүл, Абдибаитова Батма, Суранова Мастандар айыл Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлансын.
2. Ардак грамотага кетүүчү акча каражатын айыл өкмөтүнүн резерв фондусунан жумшалсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.П. Байдѳѳлѳтов |