Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-апрели № 5-2
Т.Кулатов айылдык округунун аймагында үй-бүлөлүк каада салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдарды өткөрүүдөгү ашыкча ысырапгерчиликти тартипке келтирүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык Кенешинин жана жергиликтүү жамааты тарабынан 2011-жылы иштелип чыккан Жобого жана «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү» типтүү Жобого алымча кошумчаларын карап токтомун жана комиссия курамын бекитүү боюнча депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык Кенешинин жана жергиликтүү жамааты тарабынан 2011-жылы иштелип чыккан Жобого «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү» типтүү Жобого алымча кошумчаларын карап чыгып төмөнкүдөй дин иштери боюнча коомдук комитет түзүлсүн.
2. Т.Кулатов айылдык округунун аймагында социалдык стабилдүүлүктү, коомдук тартипти сактоо, элдик каада-салт, үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысрапкерчиликти кыскартуу боюнча токтому бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын гкөзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчисине жана депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин мыйзамдуулук жана укуктук иштер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
Мындай курултайды өткөрүү идеясы калнтын көйгөйүн
түшүнгөн, калкыбыздын эртеңки күнүнө, балдардын келечегине кайдыгер карабаган, журтун башына оор күн түшсө ичкен ашын таштап, калкыбыз үчүнжан күйдүрө ала турган жигиттерибиз тарабынан
сунушталды жана каржыланды
Жалпыбыз күбө болуп, билип, буркан-шаркан тушкен турмуштун оош~кыйышы менен аралашып, жергебизде болуп жаткан иштерге анча, кайдыгерликке жол коюп келе жатабыз. Мурда болсо жогордон кабыл алынган кандай Указ болобу, токтом болобу, партия, комсомол элге жеткирип, жайылткан жана анңн аткарылышын көзөмөлгө алган. Азыр болсо биз жыргатабыз деген саясий партиялардын бири да мындай идеологияга көңүл бурбайт. Жалаң бийлик талаш, портфел талаштарды теледен көрүп, ошону гана келечек муундарыбызга жайылтып жатабыз. Эч ким калкыбыздын ички көйгөйүн билбейт. Ата-бабаларыбыздан мурас болуп келе жаткан урп-адат, каада-салттарыбыз башка нукка бурулуп, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо сыяктуу адамгерчиликтүү сапаттарыбыз унутулуп, каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу ордуна тескерисинче арттырып, тапкан-тутканыбызды эсепсиз чачып, оюи-күлкүгө, той-топого, түрдүү отуруш-кечелерге жумшап, кур наамысты туу тутуп жашап жатабыз. Каада-салт, үрп-адаттарыбызды өз турмушубузга ылайыкташтырып пайдалануу жөнүндө Президенттин жана өкметтүн жарлыктары, сунуштары чыкканы менен, аларды турмушка ашырууда белсенип, колдоого алган киши жок. Союз ыдырап жумушсуздук куч алган кезде той-тополор өзүнчө эле кыскарып, башка мааракелер да ашыкча чыгымсыз өтүп калды эле. Жумушка жарамдуу жаштарыбыздын дээрлик жарымынан көбү иш издеп, акча табу у үчүн чет жактарга кетишип, акча таба баштагандан бери кайрадан ашыкча ысырапкерчиликке жол кое баштадык. үйлөнүү тойлорубузда айрыкча ЗАГСка чыгуу аземи өзүнчө эле чоң шаан-шекет менен өтүп, 15-20 дай жеңил автоунаа кызмат көрсөтүп жатат. Мында күйүүчү май үчүн 8-10 миң сом, кызмат акысы учун 1 «лимузин» же «хаммер» 10 миң сом, калган машиналарга 15-20 миң сом жалпы 40-50 миң сомдой акча ашыкча сарпталууда. Күйвө чакырыкка 40-60 киши барьш 4-5 баш союш, сарпай кийип, дагы бир тойдун чыгашасы кетип жатат. Тешек жыйды, ата кердү кыскасы бир жигитти үйлөп перзентүү болгонго чейинки чыгымы калынды, союштарын кошо эсептегенде аз эле дегенде 350-400 миң сомду тузет. Бул жакшы бирок ушул чыгымдарды тең жарьшына кыскартуу мүмкүнчүлүгү езүбүздүн жана айрыкча жаштардын колунда. Маркумду акыркы сапарга узатууда, анын бейшембиликтерин, кыркын, элуу экисин, айттиктерин
жана жылдыгын өткөрүүдө да көптөгөн чыгымдарга өзүбүздү-өзүбүз батырып жатабыз. Сүннөт тойлор, ажыга барып келүү мааракелери, классташ , тууган, отуруштарыбыздагы ашыкча ырапкерчиликтерге бөгөт коюп, ушул тапкан- туткандарыбызды пикири келишкендер өз ара топтоп, чакан ишканаларды курууга, сок чыгаруучу, конфет жана кондитердик азыктарды чыгаруучу, калпак,көйнөк, чепкен жасоочу цехтерди курсак, пайдадан көрө залалы көп кытай буюмдарынан арылып кытайды байтпай калат элек. Турмушта кезиккен бардык кемчилдиктерди, мүчүлүштүктөрдү президентке же өкмөткө оодара коюп,берсе алам, урса качам деп жашап жатабыз. Мамлекет бул биз, биз менен мамлекет, болуп турат. Демек биз өзүбүздүн өсүп-өнүгүүбүз үчүн өз үлүшүбүздү кошсок, мамлекетибизге кошкон салымыбыз болот. Ашыкча чыгымдарды кыскартуу көпчүлүктүн максаты экендиги белгилүү бирок, эч ким чыгынып биринчи болуп кыскарта албай жаткандыктан, жалпыбыз чогуу ушул ишке бөлсөнип киришүүнү чечтик. Уул-кыздарыбыз, келечек муундарыбыз ата-бабамурасы болгон, жакшы үрп-адаттарыбыз менен каада-салттарыбызды бекем тутуп, байгазарчылык заманда жаңыдан кошулуп ашыкча ысырапкерчиликке жол
койгон кийинки бутатактарын кесип, үй-бүлөлүк бюджетти арттырып, колу жукаларга көмөктөшүп, журтубуздун мындан да жакшы жашоосуна жетишүү максатында айылдардан келишкен аттуу-баштуу аксакалдарыбыздын, жаштарыбыздын, эже-карындаштарыбыздын алдынкы өкүлдөрү ата-бабаларыбыздан калган той өткөрүү, маркумду узатуужана башка мааракелерди өткөрүүдө төмөндө сунуш кылынган эреже жана нормаларга ылайыкташтыруу боюнча жалпы журтка кайрылат.
Тойлорду өткөрүү эрежелери жана нормалары:
1. Бешик той- Жээнтек той, ата корду-Ата-эне тунгуч небересине, 4 кг.талкан, 2 кг өрүк как, 1 кг.сары май, жасалган бешик, 1 баш жандык алып барып, наристени бешикке белеп келишет. Эки куда бир-бирине сарпай кийгизиш жок. Бешик тойго 4 эркек, 6-10 чейин аялдар барышат.
2.Сүннөт той. Уул перзентти сүннөтткө отургузууда 1 баш согум союлат, жандоочу болбойт. Сарпай кийдирүү чыныгы ашыкча чыгым болуп саналат, анткени азыр 3-4 катар кийими жок кишилер чанда гана, ошондуктан атын атаса-куту сүйүнөт болсун үчүн 30 килограмм мал этинин суммасында сарпай кийдирсе болот. Мурда алыс-жууктан келгендер түнөп калгандыктан коно берилип келген, азыр болсо ар-ким өз машинасында келип кетип жатпайбы ошондуктан коно берүү токтотулат.
Тойго себет көтөрүп бару у токтотулат. Себеттеги кытай конфети, саякатчы кытай көйнөктөрүнө кеткен акчаны адия катары берүү сунушталат. -Той спирттик ичимдиктерсиз өткөрүлөт. Той ээси конону кыскартуу эсебинен 1-баш жандыкты улакка же спорт оюндарына берсе болот.
З.Уйлөнүү тою. Баланын ата-энеси аллаху акбарга езунун 4-5 тууганын алып барып куда түшүп келет. Калың 1 балалуу үйдүн баасынан ашпаш керек. Андан аз болсо жакшы болот. Ашыкча эле көрпө-төшөктүн эки жашка кереги жок. Мындан ары жаштарыбыз заманбап турмуш кечиришет, алар керектүү эмеректерди кийин өздөрү тандап алышат. Патаа той,- бул да ашыкча чыгым, ошондуктан пата тойду токтотуу сунушу кабыл алынды. ЗАГСка чыгууда камера үчүн 1, дос-курбулар үчүн 4 жеңил автоунаа, жеңелер жана сиңдилерүчүн 1 бусик. ЗАГСка чыгууда биринчиден айыл өкмөтүнөн нике күбөлүгүн алуу сунушталат,-мурда алган болсо мечитке барып нике кыйдыруу, андан кийин сурөткө түшүп, айланышса болот. Нике күбөлүгүн салттанаттуу түрдө тапшырууну айыл өкмөтүнүн аппараты колго алышын талап кылабыз. үйлөнө турган жигит эгер
ындап ата-бабабыздын салтын тутууну кааласа, үйлөнөрдөн кырк кун мурда
спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуп, сууктук ичип өзүн таптайт. үйлөнгөндөн кийин да 40 күн арак ичпейт. үйлөнүү кечесин кафелерде өткөрүүнү ар ким өзү ойлонсун, балдары менен кеңешсин. Кафеден көрө өз эшигинин алдын кафеге кеткен акчага асфальттап же бетондоп ондоп алып ошол жерде өткөрсө ошондо чыныгы кече болот. Анткени кошуна-колоң, тууган-урук толугу менен көрө алышат, ойношот. Кафеде болсо эсептелүү гана адамдар барат. Тойдон кийин тэиюк жыйдыга 4-5 аял келсе жетиппүү,ал той эмес. Төшөк жыйдыга келгенде ата-энеден башкага келиндин себинен көрпө-төшөк таркатмай жок болсун. Кафеге, ЗАГСка кеткен чыгымдарды топтоп (болжол менен 200-250 миң сом болот) эки жашты ажылык сапарга узатуу, 1 айга курорт, санаторияга жиберүү же турак-жай сатып берүү, болбосо эки жашка 1 женил автоунаа белекке берүүнү ойлонуштурсак пайдалуураак болот, үйлөнүү тоюна деле себет көтөрүү жок. Сүннөт тойго баргандай эле адияга акчасын кошсо талапка ылайык болот. Пайдасы жок чүпүрөк кошуу токтотулсун.
4.Күйөө чакырыкты кыскартуу сунуш кьшынат жигит ата-энеси жана 1 досу менен гана барат.
5.Маркумду акыркы сапарга узатуу. Каза болгон күнү бир соющчторпок) союлуп алыс-жууктан келгендерге аш берилип, сөөк жерге коюлат. 2-пейшенбисинде кыркы сындырьшат. 52си маараке катары өткөрүлбөйт. Каза болгон күнү тажияга келген айыл аксакалдарына сарпай же акча берүү салты* токтотулат. өткөн күнү жыртыш берүү, самын ж.б. буюмдарды таркатууга да тыю салын^т. Айт күндөрү ьмаараке өткөрүлбөйт. Айттиги бар кишилер, айт намазга мечитке өз атагандарын алып барып, намазга катышкан кишилерге дасторкон салат. Ошону менен айттиги өтөт. Болбосо орозонун акыркы он күндүгүндө айттиги бар кишилер иптарликке чакырып ооз ачтырса да ошол айтикке өтөт да айт күнү маараке өткөрбөйт. Жылдыкмааракеөткөрүлбөйт. Жылдыкты белгилөөнүкаалаган киши тууган-урук, кошуна-колоңдорун чакырып бир баш жандык сойсо болот. Жылдыкка жамынып сарпай кийдирүү, идиш-аяк же башка буюмдарды таркатуу да токтотулат. Маркумду сапарга узатуу мааракелеринде, андан кийинки катмы- кожолордо 2 нан менен бир чакса кант салынган пакетти көтөрүү да токтотулат. Маркумдун канча баласы болсо да бир айылда жашаган болушса ар кимиси жеке-жеке кудайы өткөрүү токтотулат. - Тойлордогу, маркумду акыркы сапарга узатуудагы катмыларда, катмы кожолордо ар-бир катышуучуга акча таркатмай жок. Көңүлүндө .акча бермей болсо, мазарды оцдоого, мечитке, балдар бакчаларына, майыптарга же айылдын ортолук фондуна акчасын берсин.
6. Ажылык_сапарга барьш келген_ажылар менен учурашууга келген аламан эл замзам- суудан татып ажы менен кучакташып ден-соолугун сурап чайга отурбай кете берет. Эч кимге эч кандай белек-бечкек таркатылбайт. Ажы болуп келген кишинин келишине катмы окулуп даярдалган болсо ошол эле айылдын аксакалдары катмыга калышат. Тууган-уругуна, уул-кыздарына жана катмыга арнап бир баш жандык союуга уруксат берилет.
7.Ажылардын «Ажы отурушу» түп тамырынан жаны адатка айланьш баратат. Мындай отуруштарга ажылар өздөрү баш болуп тыю салышсын. Ажы отурушта ар-бир ажыга сарпай кийгизилип жеке жилик тартылат экен. Муну да өзүбүзгө адат кьшып ала элегибизде токтотолу.
Биздин алдьшкы интелигенцияньш өкүлдөрү болгон педагогдорго жана айыл өкмөтүнүн башчыларына сунуш.
Бардык нерсе бала бакчадан башталат, жаштыкта эмнени керсе акырына чейин ошол нерсе өсүп келе жаткан балдарга сабак болуп кала берет. Ошондуктан балдар бакчаларында жаш балдардын туулган күндөрүн өткөрүү жана башка келечекте турмушта терс таасирин тийгизүүчү оюн-зоокторду токтотуу керек. Мектептерде алиппе майрамдарын өткөрүүдө ата-энелерден акча топтоп, окутуучуларга ири суммадагы белектерди берүүгө кату тыюу сальгаат. Чыныгы мугалим болгон болсо өзү да мындайга жол койбойт. Ал үчүн ата-энелер мугалимге китеп же ж.б.у.с. жеңил-желпи белек берсе болот. Акыркы коңгуроодо акча топтоп мугалимдерге белек берүү, коштошуу кечелерин өткөрүү жб. коомго, улуттук каада-салтыбызга жат нерселерди өткөрүүгө тыюу салынат, анткени бүтүрүүчүлөр ошол өздөрү өткөргөн кечелерден сабак алышып, келечекте коомго жат көрүнүштөрдү жасоосуна жол ачылат.
Аиылдын коомдук ортолук фондун түзүү жөнүндө
Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен калкыбыздын карызга той өткөрүү, карызга сөөк коюу жб. түйшүктөрүн аз да болсо женилдетүүгө жетишебиз деп ойлойбуз. Той-топо жана башка мааракелерди женил өткөрүү менен өз кирешебизден айылдын ортолук фондун түзүү сунушу жактырылды. Азыркы шартта оорууга чалдыккан кишинин ден-соолугун кальштандырууга (кээ бир дарттар) көптөгөн каражат сарп кылынат. Мектепти эн, жакшы бааларга аяктап каражатынын жоктугунан айылда калып, эч нерсеге жарабай, жаман жолдорго бурулуп кеткендерди көрүп эле жүрөбүз, ошондой балдарга убагында колдоо -болсо калктын оорун колдон ала турган азамат же билимдүү киши чыгаар эле. Айылга *бир жу^лушту бүтүрүүгө инвестицияга долбоор жазсаң 25 пайызын калктан топтоого туура келет. Айыл калкынын колу жөндөмдүү атуулдарына айыл аймагындагы жөндөмдүү жаш балдарды практикалык жактан үйрөтүүчү шыбакчы, кыш кыноочу, ширетүүчү, мал асыроочу, ж.б кесиптерди үйрөтүп гана калбай, алардан чакан эмгек жамаатын түзүп калк кызматын кьшуучу жоопкерчилиги чектелген ишканаларды, курулуш бригадаларын түзүүнү каржьшоо. Ар-бир айылда алма, өрүк, шабдаалы, тилас, гайнолу, шербетин чыгаруучу жана кондицияга жете кургатуучу чакан цехтерди ачууга, эл колундагы сүттөрдү топтоп сүт азыктарын чыгаруучу жана тери иштетүүчү чакан ишканаларды жана башка толуп жаткан иштңрди аткарууга пайдалануу максатында ортолук фонд түзүү
үстүндө ар-бир аиылдын тургундары өз ара кенешип, фондго төгүү суммасын тактап алыштары керек. Фондду башкаруу тургандар тарабынан тандалган ишеничтүү кишилерге же аиылдын аксакалдар, аялдар кенештерине, жаштар уюмдарына тапшырылыш керек.
Жогорудагы чыгымдарды кыскартуу боюнча ар-бир айылда комиссия түзүлсүн. Комиссия курамына депутаттар, турмуш кура элек улан-кыздар, эл ортону болуп калган келиндер менен жигиттер, кадыр барктуу ардагер энелер менен аталар, уруу тобунун лидерлери, аксакалдар, аялдар кенештери, жаштар уюмдары киргизилсе иншаллах ыксыз чыгымдарга бөгөт кое алабыз деп ишенебиз.
Кайрылуу кабыл алынгандан кийин, Кулатов, Ынтымак, Кек-Жар
айылдарында каралып бир топ
өзгөртүүлөр киргизилип толукталды.
Уюштуруу тобу:
А.Бекмурзаев
З.Жамалдинов
Н.Мадмаров
У.Мадмаров
Д.Маманов