Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы № 12-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн
2014 –жылдын 04-мартындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014 –жылдын 04-мартындагы № 21 токтомун көрүп чыгып жана талкуулап турак жай куруу үчүн жер участокторун сурап жазган 2200 дөн ашуун атуулдардын арызын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар» жөнүндөгү Мыйзамынын 23-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 32 – статьяларынын негизинде Т.Кулатов атындагы депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүүфондунун (АЧЖФ) жерлеринен атуулдарга жеке менчик турак жай салуу үчүн«Айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «Калктуу конуштардынжери категориясына» жалпысы болуп көп жылдык кайрак айдоо аянттарынан № 136 контурунан 15,70 га, №159 контурунан 19,10га № 448 контурунан15,50 га, №5242 контурунан 3,88га, № 5245 контурунан 4,36га, № 6205 контурунан 6,60га,№ 6623 контурунан 14,10га, № 6649 контурунан 13,40га, №6625 контурунан 5,0га, № 6648 контурунан 4,90га, № 6627 контурунан 4,90га, № 6647контурунан 3,50га,№ 6637 контурунан 2,0 га жалпы кайрак айдоо жер
аянттары 112.94гектар кайрак айдоо аянтын ажыратып беруу жонундогу 2014
–жылдын 04-мартындагы № 21 токтому бекитилсин
2.Турак жай курууга муктаж атуулдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жеке менчик уй куруу учун ажыратылуучу жер аянтарын юридикалык жана картографиялык материалдарын даярдап беруу жагы Ноокат райондук жер жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
4. Жеке менчик турак жай куруу учун ажыратылуучу жер аянтарына ген план негизинде ар бир үй куруучуга архитектуралык пландоо тапшырмаларын даярдап беруу жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Т.Кулатов атындагы айыл окмотунун айыл чарба мамлекеттик фондусундагы 112.94 гектар кайрак айдоо аянтарын «Айыл чарба багынтындагы жерлер» категориясынын « Калктуу конуштар жерлери» категориясына откоруп беруу жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |