Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-апрели № 13-10
«Айылкурулуш» ишканасынын элдерден алынуучу таштанды салыгын тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын калкынын таштанды салыгы ар бир кожолукка 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
2. Салыктан түшкөн акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Боркош уулу Дамирбекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |