Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т .Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-кезексиз сессиясы
2014-жылдын 18-июлу № 150
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна жайыттан башка категорияга которуп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген «Жерлерди бир категориядан башкасына которууну же бир түрүнөн башкасына которунун (трансфармациялоонун) тартиби жөнүндө» Жобонун 30-пунктунун негизинде Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүнөн 11.0 га жайытан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомунуна Т. Кулатов айылдык Кенешинин 5 чакырылышынын 15 чи кезексиз сессиясынын № 15-1 токтомуну турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген «Жерлерди бир категориядан башкасына которууну же бир түрүнөн башкасына которунун (трансфармациялоонун) тартиби жөнүндө» Жобонун 30-пунктунун таянып, Ак-Сай бөлүмүнөн акиташ карьеринен чыккан топурактарды жана башка керектелбөөчү заттардытөгүү үчүн жер аянты 10 жылдык мөөнөт менен трансформацияланып келгенден кийин келишимдин негизинде берилсин.
2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, жер салыктарын, ижаралык акыларын өз учурунда төлөп туруу жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна жетекчилигине тапшырылсын.
3. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттын пайдаланып бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна жуктөлсүн.
4. Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларды тактап тийешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап жерге болгон укугун тактап терүү жагы Ноокат райондук катастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын.
5. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
7. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүнөн 11.0 га жайытан транспорт байланыштын коргонуу жерлери жана башка багыттагы жерлер категорияга которууга (трансфармациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |