Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 15-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомунун арызынын негизинде Баглан айылы менен Кулуштан айылынын арасындагы жайгашкан 242ч.м. жерди заводко техникалык суу чыгара турган скважина куруу үчүн жана ага баруучу жолду салууга, жогорку чыналуудагы электр линиясын тартууга 3240 ч.м жер аянтын трансформациялоого берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы О.Разаковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылы менен Кулуштан айылынын арасындагы жайгашкан 242ч.м. жерди заводко техникалык суу чыгара турган скважина куруу үчүн жана ага баруучу жолду салууга, жогорку чыналуудагы электр линиясын тартууга 3240 ч.м. жер аянты «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомунуна трансформацияланып келгенден кийин келишимдин негизинде берилсин.
2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна жуктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Баглан айылы менен Кулуштан айылынын арасындагы жайгашкан 242ч.м. жерди заводко техникалык суу чыгара турган скважина куруу үчүн жана ага баруучу жолду салууга, жогорку чыналуудагы электр линиясын тартууга 3240 ч.м. жер аянтын транспорт байланыштын коргонуу жерлери жана башка багыттагы жерлер категорияга которууга (трансфармациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Баглан айылы менен Кулуштан айылынын арасындагы жайгашкан 242ч.м. жерди заводко техникалык суу чыгара турган скважина куруу үчүн жана ага баруучу жолду салууга, жогорку чыналуудагы электр линиясын тартууга 3240 ч.м. жераянтын транспорт байланыштын коргонуу жерлери жана башка багыттагы жерлер категорияга которуп (трансфармациялап) ижарага берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу (жерлер) категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин 10 (он) жылдык мөөнөт менен ижара келишими түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |