Редакцияот 18.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т .Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-кезексиз сессиясы

2014-жылдын 18-июлу № 80

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна жер аянттарынын жайытынан  башка категорияга которуп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июль № 145 мыйзамына ылайык бекитилсин «Жерлерди бир категориядан башкасына которууну же бир түрүнөн башкасына которунун (трансфармациялоонун) тартиби жөнүндө» Жобонун 30-пунктунун негизинде Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү:

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылы менен Кулуштан айылынын арасындагы жайгашкан 242ч.м. жерди заводко техникалык суу чыгара турган скважина куруу үчүн жана ага баруучу жолду салууга, жогорку чыналуудагы электр линиясын тартууга 3240 ч.м. жер аянты «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомунуна, Т . Кулатов айылдык Кенешинин 5 чакырылышынын 15 чи кезексиз сессиясынын № 15-2 токтомуну турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июль № 145 мыйзамына ылайык бекитилсин «Жерлерди бир категориядан башкасына которууну же бир түрүнөн башкасына которунун (трансфармациялоо-нун) тартиби жөнүндө» Жобонун 30-пунктунун таянып, жер аянты трансформацияланып келгенден кийин келишимдин негизинде берилсин.

2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, жер салыктарын, ижаралык акыларын өз учурунда төлөптуруу жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна жетекчилигине тапшырылсын.

3. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттарынын өз багытына иштетип пайдаланып  бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип,  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө пайдаланууга өткөзүп берүү жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна жуктөлсүн.

4. Баглан айылы менен Кулуштан айылынын арасындагы жайгашкан 242ч.м. жерди заводко техникалык суу чыгара турган скважина куруу үчүн жана ага баруучу жолду салууга, жогорку чыналуудагы электр линиясын тартууга 3240 ч.м. берилген жер аянттарын экологияны сактоо чаралардын алкагында, долбоордук сметалык документтердин составында бардык пландык, табыйгатты коргоо иш чаралары каралсын. Өзгөчө, жолго жакын жайгашкан жерлерди жеркөчкү жана сел жүрүү процестерине селдин алдын ала чара көрүү максатында, суунун жана атмосферанын сапатын ашуулдоого мониторинг жургүзүү жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна жуктөлсүн.

5. Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларды тактап тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап жерге болгон укугун даярдап берүү жагы Ноокат райондук катастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын.

6. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына суралсын.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү  боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

Н. Мадимаров