Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 15-5
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтү Ноокат райком профсоюзунун төрагасы Э.Ысабаевдин 2014-жылдын 24-апрелиндеги сураныч катын аткарууга алуу максатында Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясында талкуулап, «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен райондун аймагындагы А.Чынгараев атындагы балдардын ден соолугун чындоо борборунун ремонтуна 10 000 ( он миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |