Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 15-6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин 2002-жылдын 22-майындагы чечимин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдан 5-июлундагы № 462 токтомун Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет экономика соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтому аткарууга алынсын.
2. Кожо-Арык айылынын тургуну Генжебаева Инабат КТРдин телепрограммаларын бүт айыл аймагы боюнча көрсөтүү үчүн орнотулган антенналарды күнү-түнү кайтарыптуруу милдеттендирилсин.
3. Кожо-Арык айылынын тургуну Генжебаева Инабаттын кызматына жергиликтүү бюджеттен 10 000 (он мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |