Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 15-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен сатылып алынган «Нива-Эффект» комбайынын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына өткөрүү жана комбайындын оруп жыйноо тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардынТ.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен сатылып алынган Нива-Эффект комбайнынТ.Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына он жылдык мөөнөт менен жылына 300000 (үч жүз мин) сом өлчөмдө ижарага келишим менен берилсин.
2. 1га дан эгинаянтчасын күйүүчү майдан тышкары 2000 (эки мин) сом өлчөмдө кызмат көрсөтсүн.
3. Ижарага түшкөн акча каражатын жергиликтүү бюджеткетөгүү жагы «Айылкурулуш» ишканасынын жектекчиси Боркош уулу Дамирбекке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысыА.Зулпуевке жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |