Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 15-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Ноокат райондук ЖААК бөлүмүнөн архивдик каанага котельный курууга жардам суроо тууралуу келген 2014-жылдын 13-майындагы № 2084 сандуу катын аткарууга алуу максатында Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясында талкуулап, “бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Ноокат райондук ЖААК бөлүмүнө 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |