Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июлу № 15-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө Ноокат райондук архивден келген катты аткаруу максатында Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясында талкуулап, «бюджет экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Ноокат райондук архив бөлүмүнүн ремонтуна 10 000 (он мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысыА.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |