Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-сентябры № 16-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-кварталына кошумча киреше жана чыгашаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө болуп жаткан иш аракеттерди эске алуу максатында жана аба ырайынын жылуулугун эске алуу менен айыл өкмөтүнө караштуу 2 мектептин түрткү берүүчү гранттын үлүшүн төлөө үчүн ошондой эле 2014-2015-окуу жылы башталып калгандыгын эске алып, Көк-Жар-Кызыл-Кыя жолдоруна асфальт төшөө иштерин бүтүрүү максатында айылдык бюджетти боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кенешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 3 кварталына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
2. 2014-жылдын 3 кварталына айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет,экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |