Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № 17-2
Кожо-Арык айылындагы жаштардын дене-тарбиясын чындоо жана спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында «Абшыр-Ата» спорттук комплекси мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кожо-Арык айылындагы жаштардын дене-тарбиясын чындоо жан аспортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында «Абшыр--Ата» спорттук комплекси мекемеси түзүүжөнүндөгү маселелерин угун жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айыл кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында «Абшыр-Ата» спорттук комплекси түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын:
Мамлекеттик тилде толук аталышы : «Абшыр-Ата» спорттук комплекси мекемеси.
Расмий тилде толук аталышы : Учреждение Спортивный комплекс «Абшыр-Ата»
2. «Абшыр-Ата» спорттук комплекси мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзадарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүктөрүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров Нуридин Султановичке жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда ,юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгадыгы ырасталат.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |