Редакцияот 20.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

2014-жылдын 20-октябры № 18-3

Т.Айбашов атындагы орто мектебинин  алдындагы каарып калган бак-дарактарды кыюу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашов атындагы орто мектебинин директору А.Исмаилованынбилдирүүсүн айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде  Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Т.Айбашов атындагы орто мектебинин алдындагы каарып, кургап калган бак-дарактар алынып, ордуна жаңыларын отургузууга уруксат берилсин.

2. Кургап калган бак-дарактарды кыйдырып, ордуна жаңысын олтургузуу мектептин директору А.Исмаиловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба , суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Ажибаев