Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатова йылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2014-жылдын 20-октябры № 18-4
Т .Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Мойдунов Сейдали атындагы стадионунда 2014-жылдын 6-ноябрь күнү боло турган обончу жана аткаруучу Таалай Турдубаевдин концерти жөнүндө
Т .Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Мойдунов Сейдали атындагы стадионунда 2014-жылдын 6-ноябрь күнү боло турган Ак-Чал айылынан чыккан обончу жана аткаруучу, Ош мамлекеттик университетинин доценти Таалай Турдубаевдин чыгармачылыгынын 15 жылдыгына карата арналган чоң концертин тартуулоо максатындагы билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Мойдунов Сейдали атындагы спорт аянтчасы 2014-жылдын 6 – ноябрь күнү өткөрүлө турган чоң концертке даярдык көрүлсүн.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен концертке демөөрчүлүк иретинде 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
3. Каралган акча каражатын бөлүп берүү жагы айылөкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |