Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2014-жылдын 20-октябры № 18-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен адистерди окутуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын жаштарынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл өкмөтүнө жетишсиз агроном,вет.врач, жер адиси,бухгалтер адистерин окутуу жөнүндөгү элдердин суранычын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн тургуну Кылычбек уулу Самат вет.врач адистерини окутуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты 26000 (Жыйырма алты мин) сом ажыратылып берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө керектүү адистерди окутуу үчүн айыл өкмөтү менен келишим түзүлсүн.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн фианасы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |