Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2014-жылдын 20-октябры № 18-7
Ноокат райондук прокуратурасынын 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 1-763-14 сандуу мыйзам бузуучулуктарды жоюу жана мындан ары болтурбоо жөнүндөгү сунушун кароо жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу К.Колдошов атындагы орто мектепке 9 каана кошуу үчүн өткөрүлгөн тендерде кетирген кемчилдиктерин айылдык кенештин сессиясында угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук прокуратурасынын 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 1-763-14 сандуу катында «Мамлекеттик сатып алуулар» жөнүндөгү мыйзамынын аткарылышы боюнча мындан ары болтурбоо сунушун аткарууга алынсын.
2. Тендерде кетирген кемчилдиктери үчүн мамлекеттик сатып алуулар комиссиясына эскертүү берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |