Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2014-жылдын 20-октябры № 18-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жал айылдык ооруканасынын астын заборжана дарбаза куруу боюнча Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айьшдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан Жал айылдык ооруканасынын сураныч катына негиз оорукананын астын забор жана дарбаза куруу үчүн сарпталган 456000 (төрт жуз-элүү алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |