Редакцияот 20.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

2014-жылдын 20-октябры № 18-11

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жал айьшдык ооруканасынын подвалындагы отоплениесин ремонттоо боюнча Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясЫтарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан Жал айьшдык ооруканасынын сураныч катына негиз оорукананын подвалындагы отоплениесин ремонттоо үчүн сарпталган 493000 (төрт жүз токсон үч миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдуң аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Ажибаев