Редакцияот 12.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

2014-жылдын 12-апрели № 9/10

Дөң-Алыш айылдык китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө

Дөң-Алыш айылдык китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө Дөң-Алыш айылынын жалпы элдик чогулушунун 24-март 2014-жылдагы Протоколунун токтомун карап жана талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Дөң-Алыш айылынын жалпы элдик чогулушунун 24-март 2014-жылдагы Протоколунун токтому бекитилсин.

2.Дөң-Алыш айылдык китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун ысымы берилсин.

3. Дөң-Алыш айылдык китепканасы мындан  ары  “Дөң-Алыш айылдык №2 Өзүбек Абдыкалыков атындагы китепкана” деп аталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага:

Н. Керимкулов