Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-сентябры № 11/1
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылынын көрүстөнү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылынын эски көрстөнүнө каза болгон аттуулдарды койуга орун калбай жана үлүш жерлердин ортосунда жайгашып сугат сууларынын таасиринен адам сөөгү койулган мүрзөөлөрдүн үстү түшүп жатакандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 15-31- беренелине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын “Жапар” участкасынан 2,0 гектар, “Көтөш” участкасынан 2,0 гектар баары 4,0 гектар жер аянты Дөң-Алыш айылынын көрүстөнү үчүн бөлүнүп берисин.
2. Дөң-Алыш айылынын көрстөнү үчүн бөлүнгөн 4гектар жер аянтын бөлүп берүү жагы райондук жер комиссиясынан суралсын.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |