Редакцияот 22.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын  Сары-Булак айылдык кеңешинин кезексиз чакырылган (V шайланган) № 11- жыйналышы

2014-жылдын 22-сентябры № 11/1

Сары-Булак айыл ѳкмѳтγнγн Кара-Булак айылында жайгашкан Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебин 9 жылдык мектептин  базасында ачып берγγ жѳнγндѳгγ Кара-Булак айылынын элдик жыйынынын сунушун жана Кызыл-Булак айылынын жашоочуларынын, К.Чаргынов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, К.Чаргынов атындагы орто мектебинин базасындагы окуу класстарындагы окуучулардын азайып кетγγсγ жѳнγндѳгγ ѳтγнγч катын караган 18.09.2014-жылдагы Сары-Булак айыл ѳкмѳтγнγн №9-заседаниесинин сунушун кароо жѳнγндѳ

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган -(V-шайланган) №11- сессиясынын  жыйналышында  каралаган Сары-Булак айыл окмотунун 18.09.2014-жылдагы №9-заседаниесинин сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган (V-шайланган) №11- сессиясынын жыйналышы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл окмотунун заседаниесинде талкуулап Кара-Булак айылында  жайгашкан Э.Алиязов  атындагы башталгыч мектебин 9- класстын базасында кенейтип ачуу жонундогу Сары-Булак айыл окмотунун  заседаниесинин сунушу жактырылсын.

2. Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебинин базасын 9-класстын базасында  кенейтип ачып беруу жагы Кара-Кулжа райондук билим беруу болумунон суралсын.

3. Э.Алиязов  атындагы башталгыч мектебинин  базасында 2014-2015-окуу жылына 5-класска  окуучулар  тартылсын. 2014-2015-окуу жылына  5-класска,  2016-жылы 6-класска, 2017-жылы 7-класска, 2018-жылы 8-класска, 2019-жылы 9-класска  окушсун.

4. Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебинин базасында 2014-2015-окуу жылына  6-класска  окуган  окуучулар  2014-жылдын  23-сентябрынан  баштап К.Чаргынов  атындагы орто мектебине окууга тартылсын.

5. Жогорудагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган №11-(V-шайланган) сессиясынын  жыйналышы  белгилегендей эки мектептин класс комплектисин тез арада  чечип  беруу жагы Кара-Кулжа  райондук билим беруу болумуно сунушталсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Сары-Булак айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Кенжебаев