Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 11/2
Кара – Кочкор айыл ѳкмѳтγнγн социалдык – экономикалык
ѳнγгγγсγнγн 2014- жылдын 9 айынын жыйынтыктары
жѳнγндѳ
2014- жылдын жыйынтыгы менен айыл окмотундо социалдык – экономикалык план – тапшырмаларды толугу менен аткаруу, онор жай ишканаларынын учетун тактоо, таза суу менен камсыз кылуу жана айылдарды жарыктандыруу багытында иш алып барууну жандандыруу менен 2015- жылга карата салык базасын ар бир ишкерчилик менен алектенгендерге мониторинг жургузуу менен патенттин жана башка салыктардын коломун кобойтуу максатында Кара – Кочкор айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара – Кочкор айыл окмотундо 2014- жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен социалдык – экономикалык жактан онугуусун камсыз кылууда жетишилген ийгиликтер менен бирге кетирилген кемчилдиктердин бар экендиги белгиленсин.
2. Айыл окмоттун аймагында иш жургузуп жаткан ишкерлерди жана жаныдан ачып ишкердик жургузгон ишкерлерди тийиштуу нормативдик документтер менен камсыз кылууга ошондой эле убагында тийиштуу мекемелерге каттоого турууну уюштуруу жагы Кара – Кочкор айыл окмотунун ФЭБ башчысы К. Ибраимовго жуктолсун .
3. 2013-2017- жылдарга карата тузулгон онугуу пландарында каралган инвестициялык долбоорлорду аткаруу учун жылдын жыйынтыгы менен тартылган тышкы жана ички инвестицияларды тактап, социалдык инфраструктураларды калыбына келтируу менен элге жагымдуу шарттарды тузуу жагы айыл окмотунун башчысы О. Бегимкуловго тапшырылсын
4. Айыл окмотунун аймагындагы жайыт комитетинин жана кайра болуштуруу фондусунан алына турган аренда акыларды чогултууга такай козомолдук кылуу менен жайыттарды жана кайра болуштуруу фондусунун жерлерин эффективдуу пайдалануу боюнча чараларды коруу жагы айыл башчыларга жуктолсун .
5. Айыл башчылар айыл окмотунун аймагындагы коомдук жайларда тартипти камсыз кылууда баштапкы коомдук уюмдар ( аксакалдар соттору, аялдар кенештери, жаштар кенештери) менен бирдикте айрыкча жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу айыл арасындагы диний экстремисттик корунушторго жана массалык тартипсиздиктерге каршы курошуу боюнча иш чараларды кучотушсун жана калк арасында туруктуулукту сактоо максатында жер-жерлерде тушундуруу жана алдын алуу иштерин жургузушсун .
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин социалдык маданий, билим беруу, спорт , миграция, труизм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (торага У.Амиракулов) жана айыл окмотунун аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин тѳрагасы: |
К. Асанов |