Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июлу № 3/3
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына
мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
“КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, ”Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү, шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жобонун талаптарына ылайык, МСЭКБнүн № 4 протоколунун негизинде Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер Бакиров Руслан Арзибаевичти талкуулап көрүп Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерди сунуш кылган райондук МСЭКБнүн 11.06.2013-жыл №4 протоколун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Кара-Кулжа айылдык Кенешинин тургуну Бакиров Руслан Арзибаевичтин талапкерлиги сунуш кылынсын.(Протокол ж.б тиешелүү документтер тиркелет.)
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин тѳрагасы: |
Д. Орозбаев |