Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 30-2
Кожеке айылындагы «Кожеке -1» балдар бакчасынын үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу
Кожеке айылындагы «Кожеке-1» балдар бакчасынын кошумча ачылган үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу Кожеке айылынын жашоочуларынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожеке айылынын жашоочуларынын суроо-талаптары канааттандырылсын.
2. Кожеке айылындагы «Кожеке-1» балдар бакчасынын үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исанов айылдык Кеңешинин сциалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |