Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 30-3
Ноокат районунун Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэффиценти жана «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык 0,8 коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 кабыл алынган жаңы салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңешинин аймгында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэффицентин жана салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештин аймагында «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык коэффицентин кабыл алуу максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 «Калктуу концштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин жана 2015-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
2. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык коэффиценти 0,8эсебинде бекитилсин.
3. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы калктын мекеме ишканалардын топтогон таштандыларын алып чыгуу жыйынын ставкалары бекитилсин жана 2015-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш баруу жагы айыл округунун туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысынын орун басары М.Маматовго милдеттендирилчин.
Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Байдѳѳлѳтов |