Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № XX-4
«Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2014-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2015-жылга иш мерчемин бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирбектин 2014 жылда аткарган иштеринин отчетун жана 2015-жылга аткара турган иш мерчемин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 2014-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. 2015-жылда аткара турган иш-мерчеми бекитилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын калкынын таштанды салыгы ар бир кожолукка 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
4. Салыктан түшкөн акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Боркош уулу Дамирбекке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
«Макулдашылды» Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы . ____________________Мадимаров Н. «___»_____________2015- ж | «Бекитемин» Т. Кулатов айылдык кенешинин төрөгасы _______________Ажибаев А. «___»____________2015-ж |
Артүрдүү чыгымдар 10 %- 5615сом Бардык чыгымдар: 61773сом Зяндуулук төлөмү 1,43% - 883 сом Кызмат көрсөтүү боюнча салык 3% -1853сом Бардыгы: 64509 Автоуунанын жүк көтөрүмдүүлүгү3 тн. Бардык айылдар учун ташылган каттам 24 х 3 тн = 72 тн Орто тариф 64509 64509 /72=896 сомүтн Бир каттамдын баасы 896 сом х 3 тн. 2688 сом. Муниципалдык мекемелер жана жеке кожолуктар үчүн бир рейске коюлган нарк 2688 сом.
Аткаруучу: | Боркош уулу Д. |