Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-февралы № XXI-2
«Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер аянттарын трансформациялоого (9,3212 га, 2,5 га, 0,0088 га, 11 га, 29,86 га, 2,4 га , 0,0242 га) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна жалпысы 55,4382 га жер аянттарын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып,депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан төмөнкү жер аянттарын трансформациялоого макулдук берилсин.
-9,3212 га – Ак-Сай карьерине чыгуучу жол;
- 2,5 га- Ак-Сай карьерине акиташ кабыл алуу бункери;
- 0,0088 га – Ак-Сай карьерине ЛЭП линиясын тартуу үчүн;
- 11 га – Ак-Сай карьерден чыккан топурак төгүү үчүн;
- 29,86 га – «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын заводтун орду үчүн;
- 2,4 га- технологиялык жол куруу үчүн;
- 0,324 га – скважина казуу үчүн;
- 0,0242 га – скважинага баруу жол үчүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянттар боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адисине тапшырылсын.
3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн Т.Кулатов атындагы айыл округунун 2008-жылдын 23-декабрындагы № 95, 2013-жылдын 20-мартындагы № 29, 2012-жылдын 15-майындагы № 180, 2012-жылдын 14-июнундагы № 189 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин 2014-жылдын 12-июлундагы № 15-1, № 15-2, 2012-жылдын 22-майындагы № 38-1, 2012-жылдын 13-июнундагы № 39-1 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |