Редакцияот 06.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-сентябры № 6

Жайыл айыл аймагында мүлккө

жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008 жылдагы №231 “Кыргыз республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү тууралуу” Мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык Жайыл айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жайыл айыл аймагында 2014-жылдын 1 январынан баштап төмөнкү салыктар киргизилсиң:

-мүлк салыгы;

-жер салыгы

2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөң салыктарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.

3.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик укук – ченем актыларынын реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсиң.

4.Токтом жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Жайыл айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

Р. Кулмамбетов