Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 145/18-3
Токмок шаардык кеңешинин 25.08.2010-ж. №199/34-2 токтомуна
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри Б.Имамадиевдин 20.01.2015-ж. чыгыш №49/1-4 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 25.08.2010-ж. №199/34-2 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объектилерин Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 1-п. “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объектилерин” деген сөздөрдөн кийин” төмөнкү мазмундагы текст менен толукталсын:
“жылуулук менен камсыздоочу “Токмок Жылуулук” МИге, шаардын калкы үчүн жылуулук берүү менен байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдарды компенсациялоо үчүн, республикалык бюджеттен жыл сайын максаттуу трансферттер бөлүнүүсүн эсепке алуу менен”
2. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан (Чотбаев К.К.), курамына профилдик комиссиянын депутаттарын кошуу менен комиссия түзүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин объектилерин кабыл алуу-өткөрүп берүү жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | Р.Таманбаев |