Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-августу № 13/2
Будалык айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы жана ачылып жаткан бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу тѳлѳмдѳрдγн суммасын белгилѳѳ жѳнγндѳ
Будалык айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Октябрь жана Кара-Суу айылдарындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчаларга ата энелерден алынуучу тѳлѳмдѳр жѳнγндѳ Б. Осмоновдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап Будалык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл ѳкмѳтγнγн Октябрь жана Кар-Суу айылдарындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчаларга ата энелерден алынуучу тѳлѳмдѳр 300 (γч жγз) сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
2. Будалык айыл ѳкмѳтγнγн Октябрь жана Кара-Суу айылдарындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчаларга ата энелерден алынуучу тѳлѳмдѳрдγ ѳз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетγγ бала бакчалардын бачылары Чолпон Осмоновага жана Шайыргул Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл каржы бѳлγмγнγн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин тѳрагасы: | У. Асанов |