Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 14/1
Будалык айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуу жѳнγндѳ
Будалык айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын 2014-жыл ичинде бир топ ийгиликтерге жетишкедиги белгиленсин.
2. Салыктын бардык тγрγ боюнча берилген пландар аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2015-жыл ичинде айыл ѳкмѳтγнγн социалдык экономикалык абалын мындан ары да жакшыртуу чаралары кѳрγлсγн.
4. Калкка жайыт тѳлѳмдѳрγн мындан ары да убагында тѳлѳѳ боюнча тγшγндγрγγ иштери жγргγзγлсγн.
5. Жайыт жолдорду ремонттону жаз алды менен баштоо жана ремонтто γчγн техника менен камсыз кылуу жагы каралсын.
6. 2015-жыл ичинде айыл ѳкмѳтγнγн социалдык экономикалык абалын мындан ары да жакшыртууда чет элдик уюмдар менен иштѳѳ, инвестицияларды тартуу мене ниш жγргγзγлсγн.
7. АРИС, АГАХАН жана башка уюмдарды тартуу жана ѳнγгγγнγн долбоорлору иштелип чыгуу чаралары кѳрγлсγн.
8. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ бардык туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин тѳрагасы: | У. Асанов |