Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 14/2
Мектептердин окуу тарбия иштери жана айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен бѳлγнгѳн акча каражатынын сарпталышы жѳнγндѳ
Мектептердин окуу тарбия иштери жана айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен бѳлγнгѳн акча каражатынын сарпталышы жѳнγндѳ «бюджет жана салык иштери социалдык экономикалык маселелер, жол транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын мγчѳсγ Пайизова Замиранын билдирγγсγн угуп жана талкуулап Будалык айылдык кенешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бардык мектептерде окуу тарбия иштери алгылыктуу жγргγзγлγп жаткандыгы белгиленсин.
2. Бул мезгилге чейин окуучулардын билим денгээли боюнча Кум-Шоро мектебинин окуучулары райондук олимпиадаларга катышпай калгандыгы белгиленсин жана кийинки жылдарда катыштырууга аракеттер кѳрγлсγн.
3. Бардык мектептерде айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинен ремонт жана башкалар γчγн бѳлγнгѳн акча каражаты мыйзамдуу, ѳз максатында сарпталып жаткандыгы белгиленсин.
4. Ж. Кыпыева орто мектебинин ашканасын керектγγ эмеректер менен камсыз кылуу менен бирге эле окуучулардын тамактануусуна ынгайлуу шарттарды тγзγγ зарылдыгы белгиленсин.
5. Ж. Бубаев орто мектебинин дааратканасын капиталдык ремонттон ѳткѳрγγ чаралары кѳрγлсγн.
6. Жаныдан уюшулган бала бакчаларда да жылуулук системасында айрым ремонт иштерин жγргγзγγ γчγн акча каражаты менен камсыз кылуу жагы белгиленсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтγнγн башчысына жана мектеп директорлоруна, бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин тѳрагасы: | У. Асанов |