Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 14/3
Будалык айыл ѳкмѳтγнγн эл тарабынан сатылып алынган трактордун абалы жѳнγндѳ
Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл ѳкмѳтγнγн эл тарабынан сатылып алынган трактордун абалы каралбай, жоголуп кеткен жер айдоочу сокосу бγгγнкγ кγнгѳ чейин жоголуп табылбай жаткандыктан кγнѳѳлγγ атуулдарга чара кѳрγγ айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.
2. Трактордун абалын тиешелγγ атуулдар тарабынан карап чыгып, ремонт иштерин жγргγзγγ, одоо, керектγγ запчастарын жеке демѳѳрчγлѳрдγ тартуу менен алып берγγ жагы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.
3. Жоголуп кеткен жер айдаган сокону табуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу иштери уюштурулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл ѳкмѳтγнγн башчысына, кѳзѳмѳлдѳѳ «Мыйзамдуулукту сактоо, укук, тартипти чындоо боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеңешинин тѳрагасы: | У. Асанов |