Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-майы № 4
Жумгал ишкерлери” коомунун жетекчиси Тултуков Жумабектин ишкерлик кылуу максатында жуулган таш, кум чыгаруу станогун иштетγγгѳ “Саздын-Башы” участогундагы сайдан 3.0 (γч) га, Чаек элин топурак менен камсыз кылуу γчγн Киндик -дѳбѳ учаскасынан 2(эки)га топурак кареринен жер сурап жазган арызы жѳнγндѳ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жумгал ишкерлери” коому ишкерлик кылуу максатында жуулган таш, кум чыгаруу станогун иштетγγгѳ “Саздын-Башы” участогундагы сайдан 3.0 (γч) га,Киндик-Дѳбѳ учаскасынан топурак алуу γчγн 2(эки)га жер арендага бѳлγнγп берилсин.
2. Тиешелγγ юридикалык документтерин даярдоо жана мамлекеттик каттоодон ѳткѳрγγ жагы “Жумгал ишкерлери” коомунун жетекчиси Тултуков Жумабеке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдγк кылуу жагын Чаек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγ мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге тапшырылсын.
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Бѳдѳшбеков |