Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-майы № 8
Чаек айыл аймагындагы Бештерек айылындагы Олобай коктусуна жана шортон аймагындагы Майкокту участокторуна таштандыларды тѳгγγ жѳнγндѳ
Чаек айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы таштандыларды (мусорлорду) Чаек айыл аймагындагы Бешетерек айылындагы Олобай коктусуна жана Шортон аймагындагы Майкокту участокторуна тѳгγлсγн.
2. Таштандыларды тѳгγγ γчγн жогорудагы аталган жерден башка тѳгγлбѳсγн, башка жерге тѳгγлсѳ Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык, административдик айып салынсын.
3. Таштандылардын тѳгγлгѳн жердин санитардык-гигиеналык талаптары сакталсын.
4. Аталган токтом боюнча Жумгал райондук экологиялык техникалык коопсуздукту сактоо инспекциясына жана санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борбору менен бирдикте иш жγргγзγшсγн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдγк кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγ мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге, жашылдандыруу жана кѳрктѳндγрγγ бѳлγмγнγн чарба башчысы Ж. Осмоновго милдеттендирилсин.
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Бѳдѳшбеков |