Загрузка документа…
СОН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 11/2
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун
мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26- беренесине ылайык Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, “www.kochkor.kg” веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго жүктөлсүн.
Депутаттардын Сон-Кѳл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: | М. Байбостонов |