Сравнение редакций…
| Кара-Баолта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4июну № 11 токтому менен бекитилген |
Кара-Балта шаарында суу тγтγктѳрγнγн тармагын жана канализацияны пайдалануу
ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-августундагы № 07 токтомунун редакциясына ылайык)
1.Жалпы жоболор
2.Сууну пайдалануу объектилерин тиричилик суу камсыздоо жана канализация системаларына кошуу
2.1.Сууну пайдалануу объектилерин кошуунун эрежелери жана техникалык шарттары
2.2. Сууну пайдалануу объектилерин Кара-Балта шаарынын борбордоштурулган суу менен камсыздоо системасына жана канализациясына башка керектѳѳчγлѳрдγн суу тγтγктѳрγ- канализациялык тармактары аркылуу кошуу
2.3.Убактылуу суу пайдалануу объектилерин кошуу
2.4. Кѳчѳ суутоптомолору(сууказыкчалар)
2.5.γй ээликтеринде, ишканаларда(мекемелерде)жеке менчик жана кѳп кабаттуу γйлѳрдѳ канализация менен пайдалануунун эрежелери
3. Суу тγтγктѳрγ жана канализация менен пайдаланууда жактардын ѳз ара мамилелери
4.Канализациялык арыктардын жана ичγγ сууларын эсептѳѳ аспаптарын орноштуруу жана колдонуу
5.Пайдаланылган (кабыл алынган)ичγγчγ суунун жана канализациялык агындылардын таштоосунун кѳлѳмγн эсепке алуу
5.1. Ичγγчγ сууну эсепке алуу
5.2. Ичγγчγ суу менен сугаруу жана суунун чыгып кетγγсγ
5.3. Канализациялык агындыларды эсепке алуу
6. Ичγγчγ сууну берγγнγ(кабыл алууну) жана агындыларды кабыл алууну (таштоону)эсептѳѳ
7. Агындыларды кабыл алуу жана (же болбосо)ичγγчγ сууну берγγнγ чектѳѳ же токтотуу эрежелери
8.Канализациялык жана суу тγтγктѳрγнγн тармактарын коргоо чаралары
9. Абоненттин канализациялык жана суу тγтγктѳрγнγн тармактарын пайдалануусун кѳзѳмѳлдѳѳ жана текшерγγ
10. Кѳп батирлγγ γйлѳрдγн ички суу тγтγктѳрγнγн жана канализациялык тармактарынын техникалык тейлениши
11. Ушул эрежелердин тартибин бузуу γчγн жактардын жоопкерчилиги
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Кара-Балта шаарында суу тγтγктѳрγнγн тармагын жана канализацияны пайдалануу Эрежелери (мындан ары –Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин , Кыргыз Республикасынын «Ичγγчγ суу жѳнγндѳ», «Монополисттик ишмердикти чектѳѳ , атаандаштыкты коргоо жана ѳнγктγрγγ жѳнγндѳ», «Кыргыз Республикасынын турак жай фондун менчиктештирγγ жѳнγндѳ», «Керектѳѳчγлѳрдγн укуктарын коргоо жѳнγндѳ», «Турак жай менчик ээлеринин шериктиктери жѳнγндѳ» Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын калкына коммуналдык кызматтарды кѳрсѳтγγ эрежелери, Кыргыз Республикасында γйгѳ тиешелγγ жер тилкелерин жана турак γйлѳрдγ кармоонун жана пайдалануунун типтγγ эрежелердин ,Кыргыз Республикасында долборлоого,курууга жана кыймылсыз мγлктγн башка ѳзгѳртγγсγнѳ, бγткѳрγлгѳн курулуш объектилерин кабыл алууга жана колдонууга уруксат берген иш кагаздарын берγγ тартиби жѳнγндѳ Жобонун, Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартиби жана техникалык шарттарын кѳрсѳтγγ жѳнγндѳ Эрежелеринин, ошондой эле курулуш жана санитардык ченемдердин негизинде ителип чыккан.
1.2. Эрежелер Кара-Балта шаарынын аймагында кγчγнѳ ээ жана ичγγчγ суунун пайдалануучулары менен , анын ичинде борбордоштурулган канализация системасынын керектѳѳчγлѳрγнγн ошондой эле Кара-Балта шаарынын суу тγтγктѳрγнγн жана канализация чарбасынын уюмунун- Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Кара-Балта суу тγтγктѳрγ» Муниципалдык ишканасынын (мындан ары- МИ «Кара-Балта суу тγтγктѳрγ») ортосундагы мамилелерди жѳнгѳ салат.
1.3. Ушул Эрежелер боюнча иштѳѳгѳ «Кара-Балта суу тγтγктѳрγ» МИни, Кара-Балта шаарынын борбордоштурулган суу менен камсыздоо системасынын жана канализациясынын керектѳѳчγлѳрγн, ведомстволук тиешесине,уюштуруучулук-укуктук, менчик формасына карабастан мекеме-ишканаларды, кѳп батирлγγ турак жайларда, менчик γйлѳрдѳ жашаган жарандарды милдеттендирет.
«Кара-Балта» МИ менчик же болбосо баланстык чектеги абоненттерге ичγγчγ суунун коопсуздугуна кепилдик берет. Абоненттердин канализацияны, суу менен камсыздоо системасын колдонууда техникалык талаптарды аткарбагандыгы ичγγчγ суунун сапатын тѳмѳндѳтγγгѳ, агынды сууларды тазалоодогу техникалык процесстердин бузулушуна жана кѳлмѳлѳрдγ булгоого алып келет.
1.4. Ушул Эрежелердеги колдонулган негизги терминдер жана аныктамалар:
Абонент- «Кара-Балта суу тγтγктѳрγ»МИ суу тγтγктѳр –канализациялык торчосуна кошулган, аны менен (тγтγктѳр –канализациялык торчосу менен) менчик же болбосо баланстык чекке жана тиешелγγ тартипте суу менен камсыз кылууга, агындыны таштоого Келишимге ээ болгон керектѳѳчγ.Керектѳѳчγлѳр тиричилик жана ѳнѳр жай болуп бѳлγнѳт.Тиричилик керектѳѳчγлѳргѳ ѳзγнγн тиричилик муктаждыктарын канаатандыруу γчγн суу тγтγктѳрγ жана канализация менен пайдаланган жарандар кирет .Калгандары, ѳз ишинде ичγγчγ сууну пайдаланган ишкердγγлγк менен алектенген жарандарды( алардын ичинде юридикалык жак макамына ээ болбосо да)эске алганда, ѳнѳр жай керектѳѳчγлѳрγ болуп эсептелинет;
Авария-айлана чѳйрѳгѳ,калктын ден соолугуна,юридикалык же жеке жактардын мγлкγнѳ зыян келтирген, ичγγчγ суунун сапатын тѳмѳндѳтγγгѳ,суунун агып кетγγсγнγн, суунун керектѳѳсγн токтоткон же кыйла кыскарткан тγзγлγштѳрдγн, жабдуунун,айрым имараттардын, суу менен камсыз кылуу системанын,канализациянын бузулушу же болбосо иштен чыгуусу.
Авариялык тейлѳѳ-суу тγтγктѳр, канализациялык системанын ишинин кγтγлбѳгѳн жерден бузулушун (суу ѳткѳргγчтѳрдγн жарылышы, жѳнгѳ салуу-бекитγγ жабдууларынын иштен чыгуусу, канализациянын булганышы, бγтѳлγшγ) оңдоо иштеринин топтому.
Вентиляциялык тике тγтγкчѳ- канализациялык торчонун абасын алмаштырууда пайдаланылган ѳткѳргγч тγтγкчѳ
γй ичиндеги (ички) торчолор – керектѳѳчγ жабдууларга ичγγчγ сууну берγγнγ камсыз кылган γй ичиндеги суу тγтγкчѳ -канализация торчолору жана имараттын чегинен биринчи тышкы квартал ичиндеги же γй кудугуна чейинки агындыны алып кетγγ.
Суу ченѳѳчγ тγйγн-суу менен камсыздалган объект ичγγчγ сууну сарптаган кѳлѳмдγ эсептеген технологиялык жактан туташкан элементтердин жыйындысы ( суу ченегич,бурамалар, суу ѳткѳргγчтѳр).
Ички кварталдык (ички аянтчалык) торчо - суу ѳткѳргγч боюнча:ички кварталдык ѳткѳѳлдγ бойлоп салынган суу ѳткѳрγγчγ торчо ;канализация боюнча: башка имараттардан канализациялардын чыгышын бириктирген ички кварталда же аянтчада салынган суу ѳткѳрγγчγ торчо.
Суу ѳткѳрγγчγ торчо- абоненттерди (субабоненттерди) суу менен камсыздоочу суу ѳткѳргγчтѳрдγн системасы жана алардагы курулуштар.
Канализацияга жана суу менен камсыздоочу системаларга туташтыруу γчγн суу ѳткѳргγч жана канализациялык тγзмѳктѳр менен курулуштар- канализациялык системага агындыларды кетирγγчγ жана абоненттерди суу менен камсыздоочу системанын тγзмѳктѳрγ жана курулуштары.
Сууну керектѳѳ- ѳзγнγн муктаждыктарын канаатандыруу γчγн абоненттер
Суу менен камсыздоо- абоненттерге ичγγчγ сууну чогултуу, даярдоо, жеткизγγ,берγγнγ камсыздоочу технологиялык процесс:
Сууну алып кетγγ- абоненттерден агынды сууларды(агындыларды)кабыл алып аны тазалоочу канализациялык курулуштарга жеткизγγ боюнча технологиялык процесс:
Баланстык тиешелγγлγктγн же болбосо менчик чеги- ыкчам башкаруунун же чарба жγргγзγγнγн,менчик сыпаты боюнча ээликтер арасында курулуштардын жана суу камсыздоочу системалардын элементтеринин бѳлγγ сызыгы;
Пайдалануу жоопкерчилигинин чеги- келишимде чагылдырылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган канализациянын жана (же)суу менен камсыздоочу системалардын элементтерин техникалык тейлѳѳ жана пайдалануу γчγн жоопкерчиликтин сыпатына ылайык канализациянын ( суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолор жана алардагы курулуштар) жана суу менен камсыздоочу системалардын элементтеринин бѳлγγ сызыгы;
Пайдалануу жоопкерчилигинин зонасы- Пайдалануу жоопкерчилигинин чеги жана баланстык тиешелγγлγктγн же болбосо менчик чегинин ортосунан орун алган суу ѳткѳргγч торчонун ички имараттык (ички) бѳлγгγ;
Канализациялык торчо- агынды сууларды (агындыларды)чогултуп агызуу γчγн суу ѳткѳргγчтѳрдγн, коллекторлордун, каналдардын жана алардагы курулуштардын системасы;
Локалдык тазалоочу курулуштар- канализациялык системага таштаардан мурун абоненттердин (субабоненттердин) агынды сууларын тазалоого ылайыкташтырылган курулуштар жана тγзγмдѳр;
Суу пайдалануунун (сууну буруп кетγγнγн) лимити- жергиликтγγ ѳзγн-ѳзγ башкаруу органдары тарабынан абоненттерге коюлган кѳлѳмдѳгγ- жергиликтγγ ѳзγн-ѳзγ башкаруу органдары тарабынан абоненттерге коюлган кѳлѳмдѳгγ белгиленген убакытка алынган (ташталган) агынды суулардын жана берилген ( кабыл алынган) ичγγчγ суунун кѳлѳмγ;
Агынды суулардын кабыл алуу нормативдери- жергиликтγγ ѳзγн- ѳзγ башкаруу органдары тарабынан коюлган сууну буруунун же таштоонун (ПДК)нормативдери, канализация системасына таштоого уруксат зыян келтирбей, талапка жооп берген ишин камсыздаган агынды суулардын тγзγмγнγн жана кѳлѳмγнγн кѳрсѳткγчтѳрγ;
Ичγγчγ суу- коммуналдык-тиричилик, чарбалык максатта пайдалануу γчγн стандарттарга, гигиеналык талаптарга, санитардык эрежелерге жооп берген суу. Ичγγчγ суу стратегиялык, экономикалык мааниге ээ, товар болуп эсептелинет.
Туташуу γчγн тγзмѳктѳрдγн жана курулуштардын ѳткѳрγγ мγмкγнчγлγгγ- белгиленген убакытта берилген тартипте суу ѳткѳрγγчγ киргизилген орундун (канализациялык чыгарылыштын)эсептелген суунун кѳлѳмγн берγγ мγмкγнчγлγгγ;
Суудагы заттардын концентрациясынын жол берилγγчγ чек кѳлѳмγ- аныкталган убакытта мал жана ѳсγмдγктѳр дγйнѳсγнѳ, адамдын ден соолугуна тескери кесепетин келтирбей пайдаланылган кѳлмѳ суусундагы зыян заттардын кѳлѳмγ(концентрациясы);
Заттын таштоосуна жол берилγγчγ чек кѳлѳмγ-текшерγγ бекетинде суунун сапатын камсыз кылуу γчγн суу объектисинин берилген жеринде белгиленген тартипте буруп кетγγдѳ агынды суулардыгы заттардын жол берилген салмагы.
Профилактикалык кароо- суу ѳткѳрγγчγ- канализациялык системаны кароо жана анын техникалык абалын жана элементтердин иштѳѳсγн, берилγγчγ ичγγчγ суунун кѳрсѳткγчтѳрγн (сантехникалык аспаптарда басымдын жана чыгашаны) текшерγγ. Торчолордо майда бузулууларды жоюу. Абоненттерге тиешелγγ торчолордогу жана курулуштардагы бузулууларды ондоо γчγн тапшырма берγγ;
Уруксаат берген иш кагаздары- «Кара-Балта суу каналы» МИси ѳзγн-ѳзγ башкаруу органдары жергиликтγγ санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтарынын макулдашуусу менен суу камсыздоочу ситемаларга кошулууга макулдук берγγсγ ;
Канализация жана суу камсыздоочу системаларга өз билемдик менен кошулуу- техникалык шарттарды бузуу же уруксат берген иш кагаздарсыз кошулуу
өз билемдик менен пайдалануу- агынды сууну(агындыларды)кабыл алуу же таштоо, суунун берγγ (кабыл алуу)Келишими жок суу менен камсыз кылуу жана канализация менен пайдалануу;
Сууну лимиттен тышкары пайдалануу- абоненттин чарбалык,ѳндγрγштγк, ичимдик муктаждык γчγн суунун кѳлѳмγн лимиттен тышкары пайдалануусу;
Сервитут- башка жакта же менчикте болгон жер тилкесин чектѳѳ менен колдонууга жактын укугу;
Агынды суулардын курамы- булганды заттардын жана алардын концентрациясынын тизмесин камтыган агынды суулардын (агындылардын)мγноздѳмѳсγ;
Ченѳѳ каражаттары(аспаптар)-ченемдγγ метрологиялык мγнѳздѳмѳсγ бар пайдаланылган суунун кѳлѳмγн же болбосо (же) тѳгγлгѳн агынды сууларды (агындыларды) ченѳѳ γчγн багытталган техникалык каражат;
Агынды суулар(агындылар)- суу менен камсыздоочу булагына карабастан (ичγγчγ,техникалык,ысык суу менен камсыздоо,жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын буусу)ишкана –мекемелердин, адамдын чарбалык иш-аракеттеринен пайда болгон суулар;
Субабонент- «Кара-Балта суу каналы»Минин же абоненттин канализациялык торчосуна агындыларды таштап, сууну абоненттин суу ѳткѳрγγчγ торчосу аркылуу «Кара-Балта суу каналы» МИден суу алып «Кара-Балта суу каналы» МИси менен Келишим тγзгѳн (тиричилик же ѳндγрγштγк )керектѳѳчγ;
Кγнγмдγк тейлѳѳ- канализациялык тγтγкчѳлѳрдγн жан суу ѳткѳргγчтѳрдγн бириккен жериндеги агууларды оңдоо,тилкелердеги ѳткѳрγγчγ тγтγкчѳлѳрдγ алмаштыруу, эсеп-кысап аспаптарын, бекитγγ-жѳнгѳ салуу арматураларды текшерγγнγ камтыган алдын ала-текшерγγ жыйынтыгынын негизинде жγргγзγлгѳн суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорду оң абалда кармап туруу γчγн ишке ашырылган инженердик-техникалык компллекстγγ чаралар;
Техникалык шарттар- техникалык шарттардын кγчγ бар убакытта арыз берген адамга суу ѳткѳргγч –канализациялык торчолорго кошулууга кепилдик берип,инженердик-техникалык камсыздоочу торчолорго курулуш объектисин (реконструкция,кайра профилдештирγγ,кайрадан мерчемдѳѳ) кошуу γчγн сактай турган негизги талаптар жана параметрлер, суу ѳткѳрγγчγ –канализациялык торчолорго кошуу жерин аныктаган иш кагаз;
γй ичиндеги суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордун техникалык тейлениши-γй ичиндеги суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордун авариялык жана кγнγмдγк тейлѳѳсγн, алын ала кароосун камтыган комплекстик иш-чаралар;
Кошулуу тγйγнγ-курулуштар жана тγзγлγштѳр менен суу ѳткѳргγчтγн же (же болбосо) канализациянын курулуш объектисинин суу камсыздоочу жана сууну буруп кетγγчγ торчолорго бириктирγγгѳ зарыл болгон уруксаат жγгγн камсыз кылган курулуш объектисине же жер тилкесине жакынкы жер.
Кѳчѳ суу топтогуч( колонка)-«Кара-Балта суу каналы»МИ таандык болгон ичγγчγ сууну суу тγтγчѳсγнѳн таратуу γчγн тγзγлγш;
Шарттуу таза суулар- кардын ээриши же атмосыералык жаан-чачындын натыйжасында пайда болгон суулар;
Борборлоштурулган суу камсыздоочу система- ичγγчγ сууну абоненттерге топтоо, даярдоо, жеткизγγ,таратуу γчγн инженердик курулуштардын комплекси;
Борбордоштурулган канализация системасы- абонеттерден (субабоненттерден ) агым сууларды(агымдарды) топтоп, тазалап, суу объекттерине бѳлγп, агым суулардын (агымдардын) тундурмаларын кайра иштетγγчγинженердик курулуштардын комплекси.
1.5. Суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорго менчик же баланс таандыгынын чеги аныкталат:
1.5.1. Кѳп батирлγγ γйлѳр γчγн менчик тγрγнѳ карабастан (турак-жай куруучу кооперативдердге жана ведостволорго таандык болгон γйлѳрдѳн тышкары)-суу ѳткѳргγч боюнча менчик чеги «Кара-Балта суу каналы» Мига таандык болгон γйдγн пайдубалынын тышкы тамы аныкталат;- канализация боюнча- канализациялык чыгуулар кошулган γйдγн жанындагы биринчи канализациялык кудуктар. Канализациялык кудуктар «Кара-Балта суу каналы» МИге таандык.
1.5.2. Турак-жай куруучу кооперативдердге жана ведостволорго (мындан ары ТКК) таандык болгон кѳп батирлγγ γйлѳр γчγн- тышкы суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорду акт боюнча тапшырылышы,ал жок болгондо –турак γйγн шаардык суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорго кошулган тγйγндѳ;
1.5.3. Жеке менчик γй курулуштар (γйлѳр)- шаардык суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордогу канализацияга же (же болбосо) суу ѳткѳргγчкѳ кошулган жери. Тγтγкчѳ ѳткѳрγγлѳр кошулган жерден жана жабып жѳнгѳ салуучу арматуралары менен кудук абоненттин мннчиги болуп саналат;
1.5.4. Борбордоштурулган суу менен камсыздоочу системаны жана канализацияны керектѳѳчγлѳр γчγн – объекттин (ишкананын, имараттын, курулуштун) шаардык суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордун колдонууга берилген кабыл алуу актысына ылайык.
1.6. Сууну алып жγγрγчγ горизонтунун жер алдындагы ичγγгѳ колдонгон суулардын булганышына жол бербѳѳ максатында, Кара-Балта шаарынын аймагында жалгыз скважиналарды (30 метрден ашык) пайдаланууга жана бургулоого тыюу салынат.
1.7. Коммуналдык канализациялык торчолордон тазалап бѳлγγ γчун ѳнѳр жай ишканалардын таштаган агын суулары(агындылар) канализациянын системасына тγшкѳн ѳндγрγштγк агын суулары ПДК жана ПДСтин талптарына жооп бериши керек. Эгерде бул агын суулар талапка жооп бербесе,анда аларды алдын ала тазалоо иштери локалдык тазалоо курулуштарда жγргγзγлγшγ керек.
Шаардык канализацияга агын сууларынын кабыл алуусу «Кара-Балта суу каналы» МИнин уруксааты менен абоненттердин Кара-Балта шаарынын канализациясынын системасына ѳндγрγштγк агын сууларын кабыл алуу эрежелеринин талаптарын аткаруусунун шарты менен болушу керек.
1.8. Суу ѳткѳргγч –канализациялык торчолордун жана курулуштардын жанында жер иштери этияттык менен аткарылып, курулуштардын жана торчолордун сактыгына кепилдик берилиши керек. Жер иштерин жγргγзγп жаткан мекеме же курулуп жаткан объектинин ыйгарымдуу ѳкγлγ курулуштун башталышы жѳнγндѳ «Кара-Балта суу каналы» МИге эки кγн мурун билдирип, жер иштерин баштаардан мурун «Кара-Балта суу каналы» МИнин ѳкγлγн жер алдындагы коммуникацияларды кѳрсѳтγγ γчγн чакырышы керек.
1.9.Суу ѳткѳргγчтγ ѳчγрγγнγ талап кылган иштерди ѳткѳрγγдѳ, «Кара-Балта суу каналы» МИнин кѳрсѳткѳн убактысын сакташы керек.
2. Коммуналдык суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларына суу керектѳѳчγ объектилеринин кошулуусу
2.1.Суу керектѳѳчγ объектилеринин кошулуусунун тартиби жана техникалык шарттар
2.1.1. Кара-Балта шаарынын борбордоштурулган коммуналдык суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларына кошулуу γчγн техникалык шарттардын берилиши Кыргыз Республикасынын ¤кмѳтγ тарбынан бекитилген 10.02.2009-жылдагы №100 « Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык торчолорго кошулуунун тартиби жана шарттарын кѳрсѳтγγ Эрежелерин бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык торчолорго кошулуунун техникалык шарттарын кѳрсѳтγγ Эрежелеринин жана Тартибинде жана Тиркемесинде кѳрсѳтγлгѳн архитектура органдарынын сурамжылоосунун негизинде жγргγзγлѳт.
Арыз берγγчγдѳн сурамжылоо тγшкѳндѳн кийин он кγндγн ичинде «Кара-Балта суу каналы» МИси курулуш объектисин кошуу γчун тѳлѳѳ жѳнγндѳ маалыматты жана техникалык шарттарды аныктайт жана берет, же болбосо техникалык шарттарды берγγгѳ себептγγ каршылык жѳнγндѳ билдирет.
Регламент жана шарттарда талап кылынган кубаттулуктун туура келбестиги аныкталган учурда «Кара-Балта суу каналы» МИси сурамжылоо тγшкѳндѳн кийин 3 жумуш кγндѳрдγн ичинде талап кылынган кубаттулуктун туура келбестиги жѳнγндѳ маалымдайт.
2.1.2. Кошулууга техникалык шарттар эки жылдык мѳѳнѳткѳ берилет жана бир жылдан ашык эмес убакытка узартылышы мγмкγн.Техникалык шарттар ѳзγнγн аракетин суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорго жана курулуштарга объектин кошулуусу жана келишимдин тγзγлγшγ менен токтолот.
Техникалык шарттар шаардык кеңештин монополияга каршы орагандар менен макулдашуусунда бекитилген акы тѳлѳѳнγн негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынына ылайык берилет.
2.1.3. Суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорго жана курулуштарга объектилердин техникалык шарттарсыз жана келишимсиз бекитилген ирээтте кошулуусуна жол берилбейт.
Объекттердин суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорго жана курулуштарга кошулуусу менчик жана баланстык ээликтин чегинин аныкталышынын негизинде,инженердик-техникалык торчолорду техникалык тейлѳѳ жана кошуу келишиминин негизинде жγргγзγлѳт.
Объекттердин суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорго жана курулуштарга кошулуусу шаардык кеңештин монополияга каршы орагандар менен макулдашуусунда бекитилген, , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынына ылайык акы тѳлѳѳ аркылуу жγргγзγлѳт.
2.1.4. «Кара-Балта суу каналы» МИси объекттердин борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу системасына кошулууга макулдугун агынды суулардын борбордоштурулган канализация системасына ташталышынын шартында гана берет.Шилеп чыгарууну орнотуу жана пайдаланууга жол берилбейт. ¤згѳчѳ учурларда тиричилик муктаждыгы γчγн суу керектѳѳсγ суткасына 1 м3ду ашпаган, ѳнγкпѳгѳң инженердик инфратγзγмγ бар жерде жайланышкан,борбордук канализация объекттен 100 метр аласкы аралыкта орун алган учурда, долбоорду ЖРСЭКБннин макулдашуусу менен жана агындарды кабыл алынган агын суулардын кѳлѳмγн белгилѳѳ жγргγзгѳн атайы жабдылган агызуу станциясына алып чыгууга уруксат берилет.
Агызуулар ѳзубагында толук кѳлѳмдѳ жγргγзγлγп, шаардык суу буруу системасына куюуунун аныкталган ченемдерине жооп берγγсγ зарыл
Курулган суу ѳткѳргγчтѳрдγ, канализациялык торчолорду жана курулуштарды иштеп жаткан коммуналдык суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларына кошууну «Кара-Балта суу каналы» МИси же «Кара-Балта суу каналы» МИнин ѳкγлγнγн техникалык кѳзѳмѳлγ аркасында буюртуучу (курулуш мекемеси, куруучу)аткара алат.¤здγк менчик катары керектѳѳчγгѳ тиешелγγ болгон суу ѳткѳргγчтѳрдγн киришинин жуулушу, канализациялык чыгууларды кошуу эгерде керектѳѳчγнγн ѳзγ менен жγргγзγлсѳ анда ошол керектѳѳчγнγн эсебинен жγргγзγлѳт.
2.1.5. Курулуш объектисин суу ѳткѳргγчтѳрдγн жана канализациянын торчолоруна кошуу γчγн арыз берγγчγ канализациялык жана суу ѳткѳргγчтγк системаны пайдалануучу мекемеге тиркемеси бар арыз менен кайрылат:
- канализациялык жана суу ѳткѳргγчтγк торчого кошулуу γчγн техникалык шарттар боюнча аткарылган тасманы (жабык иштердин актысы) жана долборлоо иш кагаздарын:
-бекемдикке жана бγтγндγгγнѳ тγтγкчѳ ѳткѳргγчтѳрдγ гидравликалык сыноо актысы:
-Аракеттеги СанПинге «Ичγγчγ суу. Борбордоштурулган ичγγчγ суунун ситемасынын суусунун сапатына гигиеналык талаптар.Сапатты текшерγγ» ылайык бактериологиялык анализ боюнча ЖРСЭКБдан маалым кат:
- физикалык жактарга- паспрттун кѳчγрмѳсγ;
- канализацияк жана суу ѳткѳргγчтγк торчого кошулуу γчγн тѳлѳм жγргγзгѳндγгγн далилдеген иш-кагазы.
Аталган иш-кагаздар объекттин суу ѳткѳргγч тышкы торчого кошулгандыгын жана келишимдин тγзγлγшγн далилдѳѳгѳ керек.
Аз кабаттуу γйлѳрдѳгγ жана кѳп батирлγγ γйлѳрдѳгγ тышкы суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолорду, курулуштарды жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн же болбосо ѳзγн-ѳзγ башкаруу органдарынын чечими менен менчик ээлери Кара-Балта шаарынын муниципалдыку менчигине ѳткѳрсѳ болот.
2.1.6.Суу ѳткѳргγч тγзγлγштѳрдγн жана курулуштардын ээлери суу менен камсыздоочу ситемага кошулуу γчγн «Кара-Балта суу каналы» МИнин ѳкγлдѳрγнγн катышуусунда пайдаланууга берээрде , алардын жуулушун жана дезинфекциясын суунун сапатынын анализин алганга чейин камсыз кылат. Алар санитардык –гигиеналык талаптарга жооп бериш керек, бул жѳнγндѳ атайы акт тγзγлѳт.
2.1.7. Жаңы курулган же оңдолгон суу ѳткѳрγγчγ тγзγлγштѳргѳ жана курулуштарга ичγγчγ сууну берγγ «Кара-Балта суу каналы» МИ менен объектке ичγγчγ сууну берγγ жана агындыларды кабыл алуу жѳнγндѳ долбоордун негизинде жγргγзγлѳт.
2.1.8. Ичγγчγ сууну эсептѳѳчγ аспапты коймоюнча Кара-Балта шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациянын борбордоштурулган системасына кошууга тыюу салынат.
2.1.9.Абонентке ичγγчγ сууну жиберγγ маселеси ѳң чечилгенде «Кара-Балта суу каналы» МИсы абоненттерге шаардык суу ѳткѳргγчтѳрдѳн ичγγчγ сууну пайдалануунун жана шаардык канализацияга агынды суулардын кабыл алуусунун лимитин техникалык шарттарга ылайык аныкташы керек.
Объектти ишке киргизгенден кийин сууну пайдалануу ченеми ашып кетсе, орточо кѳрсѳткγч менен ичγγчγ сууну лимиттен тышкаркы пайдалануу γчγн кошумча тѳлѳм γч жана алты айдын ѳтγшγ менен жγргγзγлсѳ болот. Алты ай ѳткѳндѳн кийин сууну пайдалануу кѳбѳйсѳ техникалык шарттар γчγн тѳлѳм жγргγзγлбѳйт.Бул учурда техникалык шарттардын буйрутуучусу «Кара-Балта суу каналы» МИсы берген тѳлѳмгѳ эсеп эсепти алгын убакыттан баштап 10 кγндγн ичинде тѳлѳнγшγ керек. Тѳлѳбѳгѳн учурда техникалык шарттардын буюртуучусу лимиттен тышкары пайдаланган суунун баасынан кγнγгѳ 0,3 пайыз ѳлчѳмγндѳ айып тѳлѳйт.
2.2. Башка керектѳѳчγлѳрдγн канализациялык –суу ѳткѳгγчтѳрγ аркылуу Кара-Балта шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациянын борбордоштурулган сстемасына сууну керектѳѳчγ объектеринин кошулуусу
2.2.1. Башка керектѳѳчγлѳрдγн канализациялык –суу ѳткѳгγчтѳрγ аркылуу Кара-Балта шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациянын борбордоштурулган сстемасына сууну керектѳѳчγ объектеринин кошулуусу алардын жазуу тγрγндѳгγ макулдугу аркылуу (кыстоо же ѳз ыктыяры сервитутунун орношу) жγргγзγлγшγ мγмкγн.Бул учурда суу менен камсыз кылуу, объекттердин баарына сууну бѳлγγ ченемдγγ тартипте болушу керек. «Кара-Балта суу каналы» МИсы берген техникалык шарттар, субабонент менен «Кара-Балта суу каналы» МИсы менен ичγγчγ сууну берγγ жана агындыларды кабыл алуу жѳнγндѳ келишими абзел.
2.2.2. "Кара-Балта суу каналы» МИнин уруксааты жок жазма макулдугусуз субабонентке ичγγчγ сууну берγγнγ токтотуга абоненттин укугу жок.
2.2.3.Менчик ээсинин (ээнин) аймагы боюнча суу ѳткѳргγчтѳрдγн же канализациянын транзиттик линияларын ѳткѳрγγ анын ѳз ыктыярыны менен же мажбурлоо сервитутун тγзгѳндѳ жана "Кара-Балта суу каналы» МИнин макулдугу менен жγргγзγлѳт. Суу ѳткѳргγчтѳрдγн же канализациянын транзиттик линияларын ѳткѳрγγ иштерин , ошондой эле айлана чѳйрѳнγ кайра ордуна келтирγγ иштерин кызыгдар жак жγргγзѳт.
2.3. Суу керектѳѳнγн убактылуу объекттерин кошуу
2.3.1. Суу керектѳѳнγн убактылуу (сезондук) объекттерин ( жайкы павильондор, кγркѳлѳр, газдалган суунун кѳчмѳ сатырат-автоматтары жана башка соода тγйγндѳрγ) Кара-Балта шаарынын борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу жана канализация системасына кошуусу «Кара-Балта суу канал» МИ макулдугу менен Жайыл районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Кара-Балта шаарынын мэриясынын уруксаат иш кагаздарынын негизинде берилет.
2.3.2 Убактылуу (сезондук )суу керектѳѳчγ объектеринин ээлерине Уруксаат берγγчγ иш кагаздарында Кара-Балта шаарынын борбордоштурулган канализация жана суу менен камсыз кылуучу ситемасына кошулуу убактысы кѳрсѳтγлѳт. Кѳрсѳтγлгѳн убакыт ѳткѳндѳн кийин, уруксаат кагаздары жаңыланышы керек. Башка учурларда объект борбордоштурулган Кара-Балта шаарынын канализация жана суу менен камсыз кылуучу ситемасынан ѳчγрγлѳт.
2.3.3.Убактылуу (сезондук) суу керектѳѳчγлѳрдγ ѳт ѳчγрγγчγ гидранттары жана суу ажыратмасы бар кудуктарга кошууга тыюу салынат.
2.3.4. Имараттан тышкаркы ичγγчγ суу тγтγкчѳ ѳткѳргγчтѳрγ убактылуу (сезондук) суу керектѳѳчγ объекттерге жер алдынан орнотулушу керек. Тγтγктγ ачык орнотуу , жана тγтγктѳрдγ кѳчѳ арыктарда ѳткѳрγγгѳ тыюу салынат. Убактылуу (сезондук) суу тγтγкчѳлѳрγн шаардык магистралга «Кара-Балта суу канал» МИ же объекттин ээлери менен «Кара-Балта суу канал» МИнин кѳзѳмѳлγ астында объекттин ээлеринин эсеби аркылуу, объект даяр учурда буюртма берилгенден 10 кγндѳн кийин кошулат.
2.3.5. Ичγγγ сууну убактылуу суу ѳткѳргγчтѳрдγ жана канлизацияны аталган объкттерде орнотуу жана ишке киргизγγ кызыгдар жактардын кγчγ жана каражаты менен жγргγзγлѳт.
2.4. Кѳчѳ суу топтогучтары
2.4.1. Кѳчѳ суу топтогучары ( суу топтогуч колонкалар) аз кабаттуу имараттар жайгашкан кварталдарда γй кирγγчγ суу ѳткѳргγчтѳр жок болгондо орнотулат жана кол менен сууну алуу γчγн ыгайлаштырылган. Кѳчѳ суу таратуучу колонкаларды «Кара-Балта суу канал» МИси орнотот, анын макулдугу менен абоненттер да.
2.4.2. Сууну таратуучу колонкалардын орнотуу жерлерин «Кара-Балта суу канал» МИси аныктайт, бул учурда эски суу ѳткѳргγч торчолордо аракеттин радиусу 150 метрден ашпашы керек, ал эми СНиПнын талабына ылайык 2.04.02-84 -жаңы салынып жаткандар 100 метр.
2.4.3. ¤з менчигинде суу таратуучу колонкалары бар абонент ( ишкана, мекеме, уюм) ичγγчγ сууменен пайдаланууга жакын арада жашаган бардык калкка мγмкγндγк бериши керек. Бул талап аткарылбаса «Кара-Балта суу канал» МИси туташтырылган жерди ѳчγрγγнγ жγргγзѳт.
2.4.4. Сууну таратуу колонкаларда идиш аяк, кийимди, килем буюмдарын, авто унааларды, γй жаныбарларын жууганга, тγтγктѳрдγ жана шлангдарды кошууга жана башка санитардык-техникалык талаптарга жооп бербеген иштерди жγргγзγгѳ тыюу салынат. Бул талаптарды аткарбаган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат.
2.4.5.Кѳчѳдѳгγ суу таратуучу колонкалардын бузулушу жѳнγндѳ «Кара-Балта суу канал» Миге кабарлоо керек.
2.4.6.Суу таратуучу колонкаларды оңдоо алардын ээлерине жγктѳлѳт.
2.4.7. Суу таратуучу колонкаларды пайдалануучу жарандар, алардын жашаган жеринин алыстыгына карабастан, аракеттеги ченемдерге ылайык ичγγγ суунун баасн тѳлѳшѳт. Сууну пайдалануу тѳлѳмγнѳн эч ким бошотулбайт.
2.5. Коп батирлγγ жана менчик γйлѳрдγ эске алуу менен ишканаларда (мекемелерде)жана γй ээликтеринде канализация менен пайдалануу эрежелери
2.5.1. Борбордоштурулган канализациялык ситема аркылуу баардык чарба-тиричилик жана ѳндγрγштγк агындалар жок кылынышы керек. Шарттуу таза суулар канализацияга «Кара-Балта суу канал» МИнин уруксааты менен куюлушу керек. Мында тазалоочу курулуштардын жана канализациялык торчонукну жγктѳлγшγ эске алынышы керек.
2.5.2.Канализациялык торчонун жана тазалоочу курулуштардын ишин бузбоо жана катардан чыгарбоо γчγн канализацияга тѳмѳндѳгγлѳрдγ таштабаш керек:
-таштандылар, кул, жер, кебез, чγпѳрѳк, саман, чамынды,каар, муздун жарыктарын;
-майдаланган тγрдѳгγ катуу тиричилик таштандыларын;
- тγзγмγндѳ бензин бар сууну, эфир жана жарылуучу кошулманы пайда кылуучу заттарды;
-жерди, шартуу таза жана атмосфералык сууларды,канализациялык курулуштарды тейлеген жумушчулардын ден соолугуна тескери таасирин берген, агындыларды тазалоонун техникалык процессин бузган ѳнѳр жай ишканаларынын сууларын;
2.5.3.Шаардык канализацияга катуу таштандылар же тыюу салынган нерселердин агынды суулар менен бирге келишин текшерγγ максатында «Кара-Балта суу канал» МИнин текшерγγчγ кудуктан чыккан жерде 10 кγнгѳ чейин тор орнотууга укугу бар.
2.5.4. «Кара-Балта суу канал» МИнин буйругу боюнча абонент жакынкы жаан сууларын кабыл алуучу жайларына γстγнкγ сууларды кароочу кудуктардан алып кетγγсγн уюштурушу керек.Же болбосо жаан канализациясынын орун алышын камсыз кылышы керек.
2.5.5.Канализациялык торчодогу ички аянтчанын (ички кварталдардын) кудуктары ар качан кароого оңой, ширендилерден , жерден, кардан, курулуш таштандыларынан бош болушу керек. Кудуктардын орун алган жерлери тактайчалар менен белгиленип, аралыктын арасы кѳрсѳтγлγшγ керек. Кудуктарды жабылбаган бойдон , же жарылган люктардын капкактардын менен танштабаш керек Канализациялык кудуктардын жоголгон же сынган люктарынын капкактары ошол кудуктун ээлери менен оордуна келтирилет.
2.5.6. «Кара-Балта суу канал» МИнин кызматкерлеринен башкаларга шаардык канализациялык торчолорунун кудуктарынын,текшерγγ кудуктарынын капкактарын ачууга жана аларга тγшγγгѳ тыюу салынат.
2.5.7. «Кара-Балта суу канал» МИнин уруксааты же макулдугусуз γйдγн ички жана ички кварталдык канализациялык торчолорду оңдоого жана кайра орнотууга жол берилбейт.
2.5.8.Шаардык инфратγзγмдγн ѳзгѳрγшγ менен сууну бѳлγштγрγγнγн системасы ѳнγкпѳгѳн аймактарда «Кара-Балта суу канал» МИнин суу керектѳѳ объектисинин ээсин канализациянын борбордоштурулган системасына кошууга милдеттендирγγгѳ укугу бар.
Канализация жана суу тγтγкчѳлѳр менен пайдаланууда жактардын ѳз ара мамилеси
3.1. Суу керектѳѳчγ жана «Кара-Балта суу канал» МИнин ортосундагы ѳз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Эрежеге ылайык тγзγлгѳн келишимдин негизинде жолго салынат.
Ал эми керектѳѳчγ катарында жаран болсо , анда Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматты кѳрсѳтγγ эрежелери менен тескелет. Жактардын ортосунда суу менен камсыз кылуу жана сууну таратуу келишими болушу абзел.
3.2. «Кара-Балта суу канал» МИнин жана абоненттин ортосундагы пайдалануу милдеттеринин чеги келишимде кѳрсѳтγлѳт жана аныкталат:
3.2.1. ведомстволук таандуулугунан, менчигинин түрүнө жана формасынан (анын ичинде турак жай-курулуш кооперативдеринин менчигиндеги үйлөр):
суу түтүктөр үчүн - баланстык менчиктин жана эксплуатациялык жоопкерчиликтин ортосундагы чек көп кабаттуу үйдүн пайдубалынын тышкы дубалы болуп саналат;
канализация үчүн - киргизүү жери канализация түтүктөрү кошулган үйдөн чыккан биринчи канализациялык кудуктар болуп саналат. Байланыш пункту “Кара-Балта суу канал” МИнин эксплуатациялык жоопкерчилигине кирет.

3.2.2.Борбордоштурулган суу менен камсыздоочу система жана канализация менен пайдалануучулары γчγн менчик ѳздγк γй ээликтерин, ишкана мекемелерин эсептегенде-объекттин суу ѳткѳргγч –канализациялык объекттер γчγн пайдалануу жоопкерчилигинин чеги менчик (же баланстык тиешелγγγгγ) чеги менен дал келет. Бул учурларда «Кара-Балта суу канал» МИнин жоопкерчилик чеги бобойт.
3.2.3. Макулдашуу боюнча жактар «Кара-Балта суу канал» МИнин жоопкерчилик чегн кеңейткенге укугуг бар.
3.3. Үй ичиндеги (ички) суу түтүк жана канализация тармактарынын, курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн техникалык абалы жана күтүүсү үчүн жоопкерчилик көп батирлүү үйлөрдүн (турак жайдын) менчик ээлерине жүктөлөт.

3.4.Баардык учурларда тийиштγγ техникалык деңгээлде абоненттин менчигиндеги (ээлигиндеги ) суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордун (жабдуунун, курулуштардын) абалын сактап туруу абонентке жγктѳлѳт. ) суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордун (жабдуунун, курулуштардын) абалы коюлган ченемдик эрежелерге жооп бериши керек:
3.5. Келишимдин негизинде абонент» Кара-Балта суу канал» МИнин ээлигинде болуп бирок абоненттин жеринде жайгашкан курулуштардын, жабдуунун сактыгын камсыз кылат.
3.6. Абонент милдеттγγ:
- ѳз убагында , эки тараптык келишимдин шарттарына ылайык пайдаланган ичγγчγ суу, агындарды жоюу кызматы, ошондой эле абонентке тиешелγγ болгон суу ѳткѳргγч –канализациялык торчолорду тейлеген жумушиартды аткаргандыгы γчγн акы тѳлѳп туруусу керек;
-ѳз эсебинен ичγγчγ сууну жана агындарды эсептѳѳчγ (суу эсептегич) аспапты сатып алып орнотуу. Жаңы ишке киргизилген чарба тиричилик жана ѳңдγрγштγк суу керектѳѳ γчγн ушул Эреженин 2.1. пунктунда кѳрсѳтγлгѳн талаптар коюлат;
-γй ичиндеги (ички) суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолорго, анын ичинде анын пайдалануу жоопкерчилиги зонасынан тышкары жайгашкан, ошондой эле сууну жана канализациялык агымдарды эсептѳѳ аспаптарына «Кара-Балта суу канал» МИнин ѳкγлдѳрγн тосколдуксуз киргизγγ;
-ички γйлѳрдѳгγ канализациялык торчолордогу тγтуктѳрдѳгγ текшерγγчγ тешиктер капкактар менен тыгыз жабык болушун козѳмѳлдѳп, ал эми суу ѳткѳргγчтѳрдѳ жасалган тешиктердин жана ордун алмаштыруучуну чечкенде же тγтγктѳрдѳгγ бекемдѳѳлѳрдѳ бузулушу герметикалык тγрдѳ жабылышы керек;
- «Кара-Балта суу канал» МИнин жоопкерчилигинен тышкары зонада жайгашкан санитардык-техникалык аспаптардан суунун агып кетишин ондоосун, канализациялык жабдуунун жана суу ѳткѳргγч арматураларды теске келтирγγнγ камсыз кылуу;
-«Кара-Балта суу канал» МИге тиешелγγ болгон жана абоненттин жеринде же болбосо имаратында жайгашкан жабдуунун бузулушу, жѳнγндѳ«Кара-Балта суу канал» Миге билдирγγ керек;
-«Кара-Балта суу канал» МИси орноткон пломбалардын, кѳрсѳтмѳ такталарынын, ѳрт ѳчγрγγ гидранттарынын, люктардын бγтγндγгγнѳ козѳмѳл салат;
-канализациялык жана суу ѳткѳргγч кудуктардан γстγнкγ агымдардын буруусун камсыз кылуу,ѳрт ѳчγрγγчγ гидранттарга жолдорду тоспоо, ѳт ѳчγрγγчγ гидранттарга кѳрсѳтмѳлѳрдγн бγтγндγгγнѳ кѳз салуу;
- γйгѳ киргизмелердин, суу ѳткѳргγч жана канализациялык курулуштардын кѳчѳ торчолорундагы бузулуулар жѳнγндѳ «Кара-Балта суу канал» Миге маалымат берγγ;
-санитардык –техникалык аспаптарга катуу нерселердин, ошондой эле ушул Эрежелер менен тыюу салынган суюктуктардын тγшγγсγн болтурбоо;
-ѳзγнγн пайдалануу жоопкерчилик зонасында ички γй жана ички аянтчадагы канализациялык торчолордун булгануусуна алып келγγнγ алдын алган мезгил мезгили менен текшерγγлѳдγ , ички γй жана ички аянтчадагы канализациялык торчолордун мерчемден тышкаркы тазалоолорду аны так аткарбаган учурда «Кара-Балта суу каналы» МИ нин талабы менен жγргγзγγ,
- санитардык –техникалык жабдууларды тазалыкта кармоо;
- кыш учурунда жел менен тазалоочу тике тγтγкчѳлѳрдγ тазалыкта кармоо;
-канализация менен колдонууга уруксаат алганга чейин «Кара-Балта суу каналы» МИнин ички квартал (ички аянтча) канализациялык торчолорго койгон жабдуулардын бγтγндγгγн камсыз кылуу;
-ушул Эрежелердин аткарылбагандыгынын кесепетинен суу ѳткѳргγчтѳрдγн, канализациялык торчолордун, курулуштардын бузулушун оңдоо же толугу менен ордуна келтирγγ. Оңдоо жана ордуна келтирγγ «Кара-Балта суу каналы» МИ нин ѳкγлдѳрγнγн техникалык коз салуусунун аркасында жγргγзγлѳт;
-ѳзγнγн жоопкерчиликтγγ пайдалануу зонасында жайгашкан суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолорду талаптагыдай колдонбогондугунун кесепетинен юридикалык жана физикалык жактарга материалдык зыянды ордуна келтирγγ;
-«Кара-Балта суу каналы» МИнин милдеттерин суу менен кммсыз кылуу жана сууну буруу жѳнγндѳ келишимди аткарбаган учурда акт тγзγлѳт, ал актта милдеттенмелердин бузулушу кѳрсѳтγлѳт. Мындай актынын тγзγлγш мезгили жана кол коюу эрежеси келишимде кѳрсѳтγлѳт;
-«Кара-Балта суу каналы» МИнин буйругу менен суу ѳткѳргγч канализациялык торчолорго жана курулуштарга авариялык кырдаалды жоюу жана оңдоо –алдын алуу иштерин жγргγзγγ γчγн (3-5 кγнгѳ чейин) буйрукта кѳрсѳтγлгѳн мезгилде бош кирγγгѳ мγнкγндγк бериш керек.
Буйрукту аткарбаган учурда абонентке суунун агуусу γчγн суу ѳткѳргγчтγн кесилиши бойунча ылдамдыгы 3 м/с . Жумуш ѳткѳрγγ жерди убактылуу жана капиталдык курулуштардан бошотуу буйругун алгандан кийин суунун агышы γчγн эсеп жγргγзγлѳт.
3.7 «Кара-Балта суу каналы» МИси милдетγγ:
- (СанПиН 2.1.4. 559-96 «Ичγγчγ суу» , борбордоштурулган ичγγчγ суу менен камсыз кылган системанын суусун сапатына гигиеналык талап , Талапты текшерγγ.)стандартарга жооп берген ичγγчγ суу менен абонентерди тынымсыз камсыз кылуу. СНиП 2.04.01-85 коюлган суунун чыгымы анын тарашынын (кран,смеситель ) суунун басымы келишинде кѳрсѳтγлѳт.
-абонентке берилген ичγγчγ суунун сапатына тынымсыз текшерγγ жγргγзγγ,башка абонентерге коркунуч туудурган суунун булганышы пайда болгон кезде суу менен камсыз кылган объектиден ѳчγγрγ жана анын булагын табуу.
-агындыларды кабыл алуу жана ичγγчγ абонентке берилген сууну эсептѳѳ.Сууну эсептѳѳ койулган аспаптардын кѳрсѳтγлγшγ менен жγргγзγлѳт.Алар жок болгон кезде коюлган ченемдер менен эсептелет.
-мезгили менен (бир жылда бир жолдон аз эмес ) тγзγмдγ текшерγγ жγргγзγγ. Эсептѳѳ аспаптары (суу ченегичтер) жок болгон абонентердин суу керектѳѳчγлѳрγн санын эсепке алуу.
-борбордоштурулган канализация жана суу менен камсыз кылган системадагы бузулуулар жѳнγндѳ абоненттерге билдирγγ, алардын себептери жана кайра суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу режимин нормалыштыруу убактысы жѳнγндѳ билдирγγ.
-мойнуна алынган милдеттенмелерди аткарбоого алып келген (аткарууга болбогон) анын ичинде γчγнчγ жактардын менчигине зыян келтирилсе абоненттерге толугу менен зыянды ордуна келтирγγ.
-абонент суу менен камсыз кылуу же сууну буруу келишимин бузса аткарбаган милдеттенмелерди кѳрсѳтγγ менен акт тγзγγ.Мындай акттын тγзγлγшγ жана ага кол коюлушу актта кѳрсѳтγлѳт.
3.8 « Кара-Балта суу каналы» МИсинин кызматкерлерден башка адамдарга суу ѳткѳргγч жана канализациялык кудуктардын люктарын ачууга тээктерди жѳнгѳ салуусун жана γйгѳ сууну киргизγγ жерлерде суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолордо сууну эсептѳѳ аспаптарына чейин кандайдыр бир жумуштарды жγргγзγγгѳ тыюу салынат.
3.9 «Кара-Балта суу каналы» МИси суу ѳткѳргγч торчолордун пайдаланышына,комуналдык менчиктик болгон суу тараткан колонкалардын жана башка курулуштарга абалына кѳзѳмѳл жγргγзѳт.Ичγγчγ суунун жоготуулары менен кγрѳш жγргγзѳт,ичγγчуγ сууну пайдалануусуна коюлган лимиттердин сакталынышын,агынды суулардын, булгаган заттардын ташталышын кѳзѳмѳлдѳйт.
4. Канализациялык агындыларды жана ичγγчγ сууну эсептѳѳчγ аспаптарды орноштуруу жана колдонуу
4.1. Суу керектѳѳчγнγн (абоненттин)суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолорундагы канализациялык агындыларды жана ичγγчγ сууну эсептѳѳ аспаптарынын жайгашуу орду «Кара-Балта суу каналы» МИси менен макулдашылат.
4.2. Канализациялык торчолордун жана суу ѳткѳргγчтѳрдγн киришинде орнотулуучу суу жана агындыларды эсептѳѳ аспаптары суунун минималдуу жана максималду сарпталышына жооп бериши керек.Суу эсептѳѳчγ аспаптардын шартуу ѳтмѳсγнγн диаметри долборлоочу мекеме же «Кара-Балта суγу каналы» МИсинин атайы ѳкγлдѳγ менен аныкталат.
4.3. Ар бир абоненттин кирγγсγндѳ суунун эсептѳѳ аспабы орнотулат. Имараттардын жана курулуштардын комплекси бар мекемелер жана ишканалар суу эсептѳѳчγ аспаптарды шаардык суу ѳткѳргγч торчолорго атайы бул максатта бѳлѳк камерасы бар же атайы кудук аркылуу орнотот. Эки шакектелген кирγγ бар болсо ар бир кирγγгѳ кайра клапон менен суу эсептегич клапаны коюлат. Суу эсептегич аспаптардын коюлушу жана сатып алышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушу Эреженин 3.6 пунктуна ылайык болуш керек.
4.4. Сууну эсептегич аспаптар коюлган бѳлмѳ кѳрсѳткγчтѳрдγ алууга жана кароо жγргγзγγгѳ жеткиликтγγ,жарык жерде аспаптын тоңуп калышына алып келбеген жерде булгануудан жана бузулуудан корголгон таштандылар жана жер суулары тийбеген жерде орнотулат.Эгерде суу эсептегич аспап имаратта болсо анда ал кирγγчγ тγтγк жактагы биринчи тамдын артында коюлат.Ичγγчγ суу эсептегич аспаптар коюлган бѳлмѳ тазалыкта кармалып керек болсо кулпуга жабылышы керек.
4.5. Эгерде ичγγчγ суу эсептегичти имараттын тѳмѳнкγ жагына орнотууга мγмкγн болбосо «Кара-Балта суу каналы» МИси менен макулдашылган долбоорго ылайык жана ушул Эреженин 4.4 пунктунда кѳрсѳтγлгѳн шарттарды сактоо менен имараттын жылуу подъездинде коюлушу мγмкγн.
4.6. Эгерде суу эсептегич прибор атайы камерада коюлса ал камерага бѳлѳк эшик менен жабыла турган кириш коюлат.¤згѳчѳ учурларда суу эсептегич аспаптар кудуктарда орнотулат.
4.7.Суу эсептегич приборлор аракеттеги СНиП жана ГОСТтуна ылайык орнотулат жана колдонулат. Суу эсептегич аспаптар Кыргыз Республикасынын метрология жана стандартизация органдарын ѳкγлдѳрγ менен текшерилет жана пломбаланат. Суу эсептегич аспаптар алардын ээлеринин эсебинен атайы мекеменин суу ченегич устаканасында «Кара-Балта суу каналы» МИсинин актысына ылайык оңдолот жана текшерилет.Текшерилбеген жана пломбаланбаган сууну эсептегич аспаптарын коюлушуна жана пайдаланышына тыю салынат.
4.8. Абоненттин ичγγчγ сууну керектѳѳсγ аябай ѳзгѳргѳн учурларда суу ченегич тγйγнγнγн реконструкциясы жγргγзγлѳт анын долбоору «Кара-Балта суу каналы» МИси менен макулдашылат.
5.Канализациялык агындыларды кабыл алуу (таштоо) жана жиберилген (кабыл алынган) ичγγчγ суунун кѳлѳмγн эсепке алуу
5.1.Абоненттер менен сарпталган ичγγчγ сууну эсепке алуу суу эсептегич аспаптардын кѳрсѳтмѳлѳр менен жγрγгγзγлѳт (ѳзгѳчѳ учурларда)-суу керектѳѳнγн ченеми боюнча. Айрым категориядагы абонентердин (курулуш аянтчалар,стационардык эмес,бетондук жана эритме тγйγндѳр ж.б.) сарпталган суунун эсеби сууну эсептѳѳ аспаптары (суу эсептегичтер) жок болсо келтирген суу ѳткѳргγч тγтγкчѳнγн кесилиши же андагы суунун кγнγ/тγнγ 3 м/с ылдамдыгы боюнча аныкталат.
5.1.2. Суу эсептегич аспаптардын кѳрсѳтγγлѳрγн абонент ай сайын «Кара-Балта суу каналы» МИсинин агынды сууну кабыл алуу жана ичγγчγ сууну бѳлγштγрγγ бѳлγмγнѳ берип туруш керек.Андан кийин сууну пайдалануу жана агындарды таштоо γчγн тѳлѳмγнѳ эсеп алышы керек. Эгерде сууну кабыл алуу кѳрсѳткγчγ жок болсо эсептѳѳ мезгили γчγн тѳлѳм андан мурунку эки ай γчγн орточо айдагы сууну керектѳѳ фактысы боюнча кийинки мезгилдеги кѳрсѳткγчтγ оңдоп тγзѳѳ менен жγргγзγлѳт.
5.1.3. Суу эсептегич аспаптар бузулуп калса абонент «Кара-Балта суу каналы» МИсинин ѳкγлγн чакырып пломбаны алдырат жана аспаптын кѳрсѳткγчγн аныктайт.Суу эсептегич аспапты «кара-Балта суу каналы» МИсинин ѳкγлγ жумушту аткаруу γчγн наряды бар болсо чечет жана алмаштырат. Ошондой эле «Кара-Балта суу каналы» МИсинин макулдугу менен абонент ѳзγ бул иштерди жγргγзѳ алат.Бул учурда сарпталган суунун кѳлѳмγ эсептелγγ γчγн мезгилде мурунку эсептелген эки айдын орточо кγнγмдγк сарпталынышы боюнча аныкталат.Абонент менен тиричилик керектѳѳчγнγ эсепке албаганда суу эсептегичти акттагы кѳрсѳтγлгѳн мезгилде коюлбаса сарпталган суунун эсеби (акттагы кѳрсѳтγлгѳн ѳтγп кеткен мезгилинде) кирγγчγ суу ѳткѳргγч тγтγктγн кесилиши боюнча жана андагы суунун кγнγ/тγнγ колдонулушунда 3м/с ылдамдыгы боюнча аныкталат.
5.1.4. Суу эсептегич аспаптын текшерме кѳрсѳткγчγ «Кара-Балта суу каналы» МИсинин текшерγγчγсγ абоненттин же анын ыйгарымдуу катышуусу менен алынат.Бул учурда текшерγγчγ суу эсептегич аспаптагы жана айлануучу тээктеги пломбанын бγтγндγгγн ,суу эсептегич аспаптарынын бириктирγγчγ бѳлγктѳрγн оңун, алар дагы пломбалардын бγтγндγгγн текшерет,ошондой эле суунун бош агуусунун жоктугун аныктайт.Эгерде мындайлар табылса:
-айнектин бγтγндγгγн бузулушу,
-жебенин γзγлγшγ же бузулушу,
-айлануучу тээктеги же болбосо сууну эсептѳѳ аспабындагы пломбанын бузулушу же γзγлγшу (анын ичинде ѳрт ѳчγрγγ гидрантында),
-эрип кетγγсγ,
-кайра клапондун бузулусу менен кѳрсѳткγчтѳрдγн тескери багытта эсептелиши,
-эгерде суу эсептегич аспаптын эсептѳѳ диапазону суунун сарпталышына туура келбеген учурда суу ченегич тγюндγ оңдобойунча буйруктун аткарылбашы,
-суу ченегич тγйγндѳ ширетγγ иштерин жγргγзγγдѳ ысык суунун тийиши же иштебей калышы,
-«Кара-Балта суу каналы»МИсинин макулдугу жок суу тγтγкчγлѳрγнγн киришин ѳзгѳртγγ жана аны менен байланышкан суу эсептегич аспаптарга жана алардын иштѳѳ тартибине болгон жγктγн ѳзгѳрγшγ.
Текшерγγчγ менен акт тγзγлѳт,ал акттка абонент же анын ыйгарымдуу ѳкγлγ кол коет.Эгерде кол коюдан баш тартса акттка ѳзγн ѳзγ башкаруу органын ѳкγлγ же γч адамдан турган комиссия кол коет.Сарпталган суунун эсеби кирγγчγ суу ѳткѳргγч тγтγгγнγн кесилишинин 0,5 диаметри боюнча жана суунун кыймылынын бир ай ичиндеги 12 сааттык суу керектѳѳсγндѳ 3м/с ылдамдыгы боюнча жγргγзγлѳт.
5.1.5.Эгерде γй ээлигинде жашоочу адамдардын саны ѳзгѳрсѳ (суу эсептегич аспаптар жок болсо) суу керектѳѳ жана канализация γчγн эсептѳѳ абонент менен берилген ырасталган иш кагаздар негизинде жγргγзγлѳт «Кара-Балта суу каналы»МИси абонентте жашаган суу керектѳѳчγ адамдардын санын текшерγγгѳ укугу бар.
Турак жайда 5 толук календардык кγндѳ суу керектѳѳчγ жок болсо,5 жумуш кγндγн ичинде «Кара-Балта суу каналы» МИси керектѳѳчγнγн жок болгон убагынын бγткѳндѳн кийин бир ай ичинде берилген арыз боюнча суу керектѳѳ жана канализация γчγн тѳлѳмγнγн ѳлчѳмγ кайра эсептелинет.Кайра эсептѳѳ тѳлѳмγнγн кѳлѳмγ ушул Эрежедеги 6.1 пунктунда кѳрсѳтγлгѳн тартипте тѳлѳм иш кагазында чагылдырылат.Арызга абоненттин же аны менен кошо жашаган туруктуу жашоо орунда жок болгондугу жонγндѳ далелдеген иш кагаздар тиркелет. Абоненттин убактылуу жок болгондугун кγбѳлγндѳргѳн иш кагаздарга тѳмѳндѳгγлѳр кирет:
а) жумуш орду боюнча кγбѳлѳндγргѳн командировка кγбѳлγгγн кѳчγрмѳсγ же командировка жѳнγндѳ маалым кат,
б) стационардык дарылоо мекемесинде даарыланып жγргѳнγ жѳнγндѳ маалым кат,
в) абонентке же аны менен жашап жаткан жактарга берилген жол жγрγγ билеттери (эгерде абоненттин аты иш кагаздарда эрежелерге ылайык кѳрсѳтγлсѳ) же алардын кѳчγрмѳлѳрγ.
г) мейманканада,жатаканада же башка убактылуу болуу жерлерде жашаган γчγн эсептер же алардын кѳчγрмѳлѳрγ.
д) убактылуу болгон жерде ички иштер органдары берген убактылуу катто жонγндѳ маалым кат.
е) кошуналар кол койгон акт.
ж) маалым кат (γй комитети,квартальный,γй башкаруучу.
«Кара-Балта суу каналы» МИси абонент берген иш кагаздардын кѳчγрмѳсγн, алар дагы маалыматтын чындыгын, тактыгын аларды берген мекемелерге жана уйумдарга расмий сурам жылоо жиберγγ менен кайрылууга укугу бар. Келген кγндγ жана туруктуу жашаган жеринен чыгып кетγγ кγнγн эсептебестен абоненттин жок болгон толук календарлык кγдѳрγн эсепке алуу менен канализация жана сууну керектѳѳ γчγн тѳлѳмдγн кайра эсептѳѳ тѳлѳмγ убактылуу жок болгон кγндѳрγнѳ пропорцианалду эсептелинет.
5.1.6.Абоненттин γйγндѳ Кара-Балта шаарында каттоосуз жашап жаткан адамдар табылса аларга сууну керектѳѳ жана канализация кызматы γчγн тѳлѳѳ «Кара-Балта суу каналы» МИси,жергиликтγγ (коомдук) ѳзγн ѳзγ башкаруу органдарынын (γй же квартал комитетинин) ѳкγлдѳрγ кол койгон актысы боюнча жγргγзγлѳт.Бул учурда ичγγчγ суунун колдонуу γчγн эсеп акыркы мерчемдик текшерγγ жγргγзγлгѳн кγндѳн абоненттин жашоочу адамдардын санынын ѳзгѳрγлγшγ жонундѳ берген арыз менен унγнѳ чейин эсептелинет
5.1.7.Кѳчѳ суу калонкаларынан пайданылган суунун эсеби аракеттеги суу керектѳѳ ченемдери боюнча жγргγзγлѳт.
5.2.1. Суунун агып кемγγсγ жана ичγγчγ суу менен сугаруу.Ичγγчγ суу менен бак-дарактарды,ѳсγмдγктѳрдγ суугарууга,короолорду,килем буюмдарды,ууналарды жана тетиктерди белгиленбеген жерлерде жууганга тыю салынат. ¤згѳчѳ учурларда гана «Кара-Балта суу каналы» МИси бак-дарактарды,ѳсγмдγктѳрдγ тγнкγ убакытта (саат 00 дѳн 05 ге чейин) сугарууга уруксаат берет.
5.2.2.Ички γй ичиндеги суу тγтγкчγлѳрдγн,курулуштун же имаратты куруу долбоорунда каралбаган торчолордон тик туруучу тγтγктѳрдγ жана чыгарууларды орнотууга тыю салынат.
5.2.3.Ушул Эрежелерде 5.2.1,5.2.2,пунктчаларында кѳрсѳтγлгѳн тартип бузуулар аныкталганда абоненттин жана «Кара-Балта суу каналы» МИсинин ѳкγлγнγн колу коюлган акт тγзγлѳт,ал эми абонент кол коюдан баш тартса акттка ѳзγн ѳзγ башкаруу органынын ѳкγлγ же γч адамдан турган комиссия кол коет.
5.2.4.Абонентердин суу ѳткѳргγч торчолорунан ошонун ичинде суу ѳткѳргγч крандардан агызуу ,бочокторунан,душ орнотмолорунан «Кара-Балта суу каналы» МИси (эсептѳѳ аспаптары жок учурда) дайынсыз агууларды жана ичγγчγ сууну максатсыз пайдалануусун тапканда акт тγзѳт.Акттка абонент кол коет,баш тартса же жок болгон учурда ѳзγн ѳзγ башкаруу органдын ѳкγлγ кол коет.
5.3.Канализациялык агымдарды эсепке алуу.
5.3.1.Шаардык канализацияга кирγγчγ агымдарды эсепке алуу,шаардык канализацияга агынды сууларды кирγγнγ эсептѳѳ аспабы бойунча жγргγзγлѳт.
5.3.2. Агынды сууларды эсепке алуу аспабы жок учурда ,агындылардын кѳлѳмγ тѳмѳнкγлѳчγ ѳзгѳрγлѳт.
-ысык сууну эсептѳѳ аспабы боюнча аныкталган ,шаардык же ведомствалык суу ѳткѳргγчтѳн келген муздак суунун кѳлѳмγ бойунча сууну эсептѳѳ аспабынын кѳрсѳткγчγно ылайык жана ысык суунун чыгымын кошкондо;
-ысык сууну эсептѳѳ аспабы жок болгондо-бекитилген ченемдеге ылайык ысык сууну керектѳѳнγ эсепке алганда;
-ичγγчγ сууну эсептѳѳ аспабы жок болгондо;
-аракеттеги ичγγчγ муздак сууну керектѳѳ ченемдери боюнча эсептѳѳ аспаптарын кѳрсѳткγчγγ боюнча аныкталган,алар жок болгондо-бекитилген ченемдерге ылайык ысык сууну керектѳѳнγ эсепке алуу менен;
-жергилγγктγ жана башка булактардан сууну керектѳѳдѳ,агынды суулардын чыгымы канализацияга кошулган курулуштардын жана тγзγлγштѳрдγн ѳткѳрγγ мγмкγнчγлγк бойунча аныкталат. Мында канализациянын эң аз эңкейиши боюнча бир айдагы бир кγндγн 12 сааттагы аракети жана -0,5 коеффициентине барабар болгон толусун эске алынат.
5.3.3.Абонентерден келген агындылардын кѳлѳмγн аныктоодо талаш-тартыш пайда болсо «Кара-Балта суу каналы»МИси текшерγγ ченемин жγргγзγγгѳ укугу бар,текшерγγчγ ченемдери муктаждык учурларда абоненттин катышуусу менен жγргγзγлѳт.Ченѳѳлѳр бγткѳндѳн кийин акт тγзγлѳт жана эки тарап кол коет.
6.Агындыларды кабыл алуу (агызуу)жана иγγчγ сууну берγγ (кабыл алуу) γчγн эсеп жγргγзγγ.
6.1. «Кара-Балта суу каналы» МИсинин абоненттер менен абонентке тейшелγγ болгон ичγγчγ сууну,агындыларды тазалоо жана агызуу суу ѳткѳрγчγγ канализациялык торчолорду,техникалык тейлѳѳ γчγн эсептер аракеттеги тарифтер боюнча абонентке берилген ичγγчγ сууну жана андан кабыл алынган канализациялык агындылардын кѳлγмγнѳ ылайык ошондой эле суу ѳткѳрγγчγ жана канализациялык торчолордун техникалык тейлѳѳсγ боюнча аткарылган иштери эске алуу менен жγргγзγлѳт.Берилген эсептер γчγн тѳлѳѳ берилген убакыттын 10 кγндγн ичинде жγргγзγлѳт
6.2.Борбордоштурулган канализациялык системага агындыларды кабыл алуу жана Кара-Балта шаарынын борбордоштурулган суу менен камсыздоо системасынан ичγγчγ сууну пайдалануу тарифи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6.3. Абонентке тиешелγγ болгон суу ѳткѳрγγчγ канализациялык техникалык тейлѳѳ иштерине жана канализациялык агындыларга таштоо,ичγγчγ сууга ѳз убагында тѳлѳмдѳрдγ жγргγзγсγγнѳ «Кара-Балта суу каналы» МИси кѳзѳмѳл кылат.Эгерде абонент товарларга жана кызматтарга тѳлѳѳ убактысын бузса, «Кара-Балта суу каналы» МИси абонентке 0,1 % ар бир карыз болгон кγндγн тѳлѳмγн кечиктирген γчγн туум кошот.Ал эми жазма тγрγндѳгγ алдын алуудан кийин ичγγчγ сууну берγγнγ токтотконго укуктуу.
6.4. Ичγγчγ сууну кайра берγγ абонент карызды жана γстγнѳ кошулган туумду,сууну берγγгѳ жана токтотууга кетирилген чыгымдарды «Кара-Балта суу каналы»МИси бекиткен смета боюнча тѳлѳгѳндѳн кийин жаңыртылат.
6.5 Абонентке (субабонентке)тиешелγγ болгон суу ѳткѳрγγчγ-канализациялык торчолорду технпкалык тейлѳѳ γчγн жана ичγγчγ суу жана агындыларды агызуу γчγн эсеп «Кара-Балта суу каналы»МИси тарабынан абоненттин(субабоненттин) атына жазылат. Абоненттин субабонент менен болгон ѳз ара эсептери боюнча каршылыгы ( сервитут менен белгиленген) «Кара-Балта суу каналы»МИси карабайт.
6.6. Турак жайды же имаратты сатып алууда физикалык же юридикалык жак сатуучунун суу пайдалануу жана сууну бѳлγγ боюнча карызы бар экендиги жѳнγндѳ кабар алышы керек. Жаңы менчик ээси бир айдын ичинде «Кара-Балта суу каналы»МИсине суу менен камсыз кылуу жана сууну бѳлγγ келишимин ѳз атына кайрадан жазуу боюнча карылышы керек.
6.7.Суу керектѳѳ менен же агындыларды агызуу менен байланышкан жеке ишкеердик жγргγзγγдѳ турак жай γйлѳрдγ жана имараттарды колдоонуда ,ошол топтогу суу керектѳѳчγлѳр γчγн иштелип чыккан иариф колдонулат.
7. Агындыларды кабыл алуу же (жк болбсо)ичγчγ суунун берилишин чектѳѳ же токтотуусунγ тартиби
7.1. «Кара- Балта суу каналы» МИси эскертγγсγз убактылуу кээ бир абоненттерге же Кара-Балта шаарынын кварталдарына сууну берγγнγ токтотууга кийинки учурларда укугу бар:
- борбордоштурулган суу камсыздоочу бышма станцияларын электр энергиясы менен камсыздоосун авариялык токтоосунда;
-ѳрт чыккан жерлерге суунун берγγсγн кѳбѳйтγγдѳ;
-стихиялык кырсыкта;
- суу ѳткѳрγγчγ жана канализациялык торчолордо жана курулуштарда авария болгон учурда.
7.2.Абонентке тиешелγγ болгон тышкы же ички суу ѳткѳргγчтγн бузулуусунда же авариясында «Кара- Балта суу каналы» МИси абонентке ичуучγ суу берγγнγ токтотот.
7.3.Суу ѳткѳргγчтѳрѳ же курулуштарда мерчемдик оңдоо иштерин жγргγзγγдѳн 3 кγн мурун «Кара- Балта суу каналы» МИси абоненттерди убактылуу сууну токтоту же суунун басымын тѳмѳндѳтγγ жѳнγндѳ кγбѳлѳндγрѳт.Бул учурда суу менен камсыз кылуу γзгγлтγгγ Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык тейлѳѳнγ кѳсѳтγγ Эрежелеринде белгиленген белгиленген убакытты ашпашы керек.
7.4. «Кара- Балта суу каналы» МИси Кара-Балта шаарынын айрым абоненттерине алдын ала кγбѳлѳндγрγγдѳн кийин суу менен камсыз кылуу жана сууну бѳлγγ келишимине ылайык убактылуу (же туруктуу)
кийинки учурларда сууну берγγнγ токтотууга укугу бар:
-суу ѳткѳрγγчγ жана канализация торчолорун техникалык тейлѳѳдѳ же абоненттин суу γчγн тѳлѳѳсγн ѳз убагында жγргγзбѳгѳндѳ;
-сарпталган суунун эсебин алуу γчγн «Кара- Балта суу каналы» МИсинин ѳкγлγн сууну эсептѳѳ жана суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчонун аспаптарына бош кирγγсγнѳ каршылык кѳрсѳтγγдѳ же болбосо малыматты берγγдѳң баш тартууда;
-шаардык канализациялык же суу ѳткѳргγч торчого ѳз эрки менен кошулууда, долбоорго ылайык келбеген канализациялык же суу ѳткѳргγч торчого тγзγлγштѳрдγ орнотууда;
-сууну пайдалануу лимитин ашууда тээкти жѳнгѳ салуу жана пломбаны орнотууга каршылык болгондо;
-суу пайдалануу эрежесин бузууда, ѳнѳр жай γчγн белгиленген суу пайдалануу лимитин системалык бузууда;
- «Кара- Балта суу каналы» МИсинин макулдугу жок башка абоненттин(менчик ээсинин) жери аркылуу суу менен камсыз кылуу торчого кошулган субабонентти ѳчγрγγ;
-Ушул Эрежелердин бузуулушун жоюу жѳнγндѳ «Кара- Балта суу каналы» МИсининбуюррутмаларын аткарбаганда.
8. Суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолорду коргоо чаралары
8.1. «Кара- Балта суу каналы» МИси берген атайы кγбѳлγгγ болбогон,борбордоштурулган жана ички суу ѳткѳрγγчγ-канализациялык торчолордо иш жγргγзгѳн же болбосо торчо арматураларынын бѳлγгγн чечкен жактардын кызмат кγбѳлγктѳрγн милициянын органдары аркылуу текшерγγгѳ жана кармоого абоненттер жана «Кара- Балта суу каналы» МИси милдеттγγ;
8.2. «Кара- Балта суу каналы» МИсине зыян келтирген физикалык жана юридикалык жактар суу ѳткѳргγч –канализациялык торчолорду, курулуштарды, тγзγлγштѳрдγ бузгандыгы γчγн материалдык жоопкерчилик тартат. Суу ѳткѳрγγчγ-канализациялык системанын курулуштарын бузган юридикалык жана физикалык жактар бул жѳнγндѳ «Кара- Балта суу каналы» МИсине кабар берип, «Кара- Балта суу каналы» МИсинин техникалык кѳзѳмѳлγ астында ѳз эсебинен пайда болгон бузулууну жоюшу керек;
8.3.Жол курууда жана оңдоодо куруу , оңдоо-куруу , жол жана башка уюмдардан жетекчилери канализациянын жана суу ѳткѳргγч кудуктарынын люктарын жол каптоосунун деңгээлине чейин кѳтѳрγγ боюнча долбоордук жана башка чечимдер γчγн жолду курууда жана оңдоодо жеке жоопкерчиликтγγ;
8.4. Суу ѳткѳрγγчγ жана канализациялык торчонун ишинин бузулушу γчγн ошол бузулууну пайда кылган мекеме же жеке жак жоопкерчиликтγγ.Бузулууунун фактысы боюнча акт тγзγлγп, «Кара- Балта суу каналы» МИсинин ѳкγлγнγн жана бузуучунун кол тамгасы коюлат. Бузуучу кол тамгасын коюудан баш тартса, анда «бузуучу кол тамгасын коюудан баш тартты» деген жазуу менен акт тγзγлѳт жана ѳзγн-ѳзγ башкаруу органынын ѳкγлγнγн же γч адамдан турган комиссиянын кол тамгасы коюлат.
8.5. Шаардык суу ѳткѳргγчγнγн жана канализациянын бузулушуна кγнѳлγγ адамдар административдик жоокерчиликке тартылат, ѳзгѳчо учурларды кылмыштык жоопкерчилик тартышат.
9. Абоненттин суу ѳткѳрγγчγ –канализациялык системасынын абалына кѳзѳмѳл кылуу жана текшерγγ
9.1. «Кара- Балта суу каналы» МИси абонентке тиешелγγ болгон суу ѳткѳрγγчγ –канализациялык торчосунун колдонулушуна кѳзѳмѳл жана текшерγγ кылат. Эгерде «Кара- Балта суу каналы» МИсинин ѳкγлγ тарабынан ушул Эрежелердин бузулушу аныкталса , анда абоненттин катышуусунда акт тγзγлѳт, жана аны жоюнун убагы белгиленген буюруу берилет. Эрежелерди бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат.
9.2. ¤зγнγн γй ээлигинин суу ѳткѳргγчγ жана канализациясы боюнча аткаруу иш кагазы жок абоненттер «Кара- Балта суу каналы» МИси менен макулдашылган убакытта иш кагаздарды ыйгарымдуу ѳкγлдѳргѳ бериши керек.
9.3. ¤зγнγн чарба –тиричилик жана ѳндγрγштγк агымдарын баардык ишканалар шаардык суу бургуч системасына суну локалдык тазалоо курулуштарында алдын ала тазалоодон кийин гана, долбоорлук чечимге ылайык агыза алышат. Сууну тазалоо сапаты жергиликтγγ ченемдик иш кагаздарда кѳрсѳтγлгѳн, ПДк жана ПДСтин талаптарына жооп берген деңгээлине жеткирилиши керек.ПДК менен ПДСтен ашуу табылса, агынды сууну алуу γч экземплярда жγргγзγлѳт. Биринчиси «Кара- Балта суу каналы» МИсинин лабораториясына, экинчиси –айлана чѳрѳнγ коргоо ѳкγлчγлγгγнγн лабораториясына жиберилет.Четтѳѳлѳ табылса, анализге кеткен чыгымды Керектѳчγ мойнунуа алат. Канализациялык торчого ташталган агымдарда ПДКнын зыян заттары табылса, тѳлѳѳнγ агымдардын кѳлѳмγн γч эсе кѳбѳйтγγ менен жγргγзѳт.
Акт менен бекилген текшерγγчγ кудукка техникалык абалына карата барууга мγмкγндγк болбой, техникалык мγмкγнчγлγк жактан сыноо алууга коркунуч жаралса, агуулардын кѳлѳмγнѳ мурунку ай γчγн тѳлѳмдγн беш эселенткен кѳлѳмγ жγргγзγлѳт
9.4. «Кара- Балта суу каналы» МИсинин талабына ылайык локалдык тазалоо курулуштары жок болсо ишкана ошол тармактагы ишканага ылайык болгон тазалоочу курулуштардын долбоорун даярдайт. «Кара- Балта суу каналы» МИсинин макулдугу менен бекитилген эреже жана убакытта курулуш жγргγзѳт. «Кара- Балта суу каналы» МИсинин талабы боюнча баардык ишканалар суу пайдалануу жана агымдарды агып кетγγ арыктарын тазалоо келишими менен агынды суулардын агуусунуну шарттарын сакташ керек.
10. Кѳп батирлγγ γйлѳрдγн канализациялык жана ички суу ѳткѳрγγчγ торчолорунун техникалык тейлѳѳсγ
10.1. Батир ичинде жана анын сыртында жайгашкан суу ѳткѳргγч канализациялык торчолордун жана санитардык техникалык жабдуунун сактыгына турак жана турак эмес жайлардын ээлери (менчик ээлери ) жооп берет.
10.2. Ээси (менчик ээси) жабуу-жѳнгѳ салуу арматурасы менен суу ѳткѳргγч – канализациялык торчолорду, батирдин (бѳлмѳнγн) санитардык жабдуусун Кыргыз Республикасынын ¤кмѳтγнγн8.04.2003-ж. №191 «Кыргыз Республикасында турак γйлѳрдγн жана турак γйлѳрдγн жанындагы жер тилкелерин пайдалануу жѳнγндѳгγ типтик Эрежелерди бекитγγ жѳнγндѳ» то токтому менен Кыргыз Республикасынын γйдγн жанындагы тилкелерди жана γйдγ кармоо типтик Эрежелерге ылайык кармоого милдеттγγ.
10.3. Кѳп батирлγγ турак жана турак эмес имараттардын ичинде жайгашкан санитардык-техникалык жабдууну оңдоо жана алмаштыруу анын ээсинин (менчик ээсинин) эсебинен жγргγзγлѳт.
10.4. Кѳп батирлγγ γйдγн имаратындагы ээлердин жалпы γлγшγндѳгγ менчикте болгон γй ичиндеги суу ѳткѳргγч- канализациялык торчолордун техникалык тейлѳѳсγ келишимге ылайык жγргγзγлѳт.
Бекитилген ченемдерге жана эрежелерге ылайык «Кара- Балта суу каналы» МИси γй ичиндеги суу ѳткѳргγч жана канализациялык торчолордун авариялык жана кγнγмдγк тейлѳѳсγн, профилактикалык кароосун ѳзγнγн эксплуатациялоо жоопкерчилигинин зонасында жγргγзѳт. Бул учурда тѳлѳмдѳр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынла бекитилген талаптарга ылайык жургγзγлѳт.
10.5. Турак жайдын (болмѳнγн) ээси же аны жалдоочусу батирдин ичиндеги, кѳп батирлγγ γйдγн ээлеринин жалпы γлγшγндѳ болгон бузулган γйдγн ички торчолорун оңдоого жана кароого мγмкγнчγлγк бериши керек.
10.6. Турак жай γйлѳрγнγн (бѳлмѳлѳрдγн) ээлерине же аны жалдоочуларга γйдγн ичиндеги жана батир ичиндеги суу ѳткѳрγγчγ-канализациялык торчолорду бекитγγгѳ, жабууга,тосууга жолберилбейт.
γйдγн (кѳп батирлγγ γйдγн) ички суу ѳткѳрγγчγ- канализациялык торчолорго жол бууган жана оңдоо учурунда бузулган санитардык техникалык аспаптарды ордуна келтирγγ, дубалдарды, шыптарды, имараттын башка конструкциясын каптоо бѳлмѳнγн ээсинин (менчик ээсинин) эсебинен жγргγзγлѳт.
10.7. γйдγн ички суу ѳткѳрγγчγ-канализациялык системасынын эскирγγсγнѳн техникалык тейлѳѳгѳ жана колдонууга мγмкγндγк болбогон учурда «Кара- Балта суу каналы» МИси бѳлмѳлѳрдγн ээлерине (менчик ээлерине)эскирген коммуникацияны алмаштыруу муктаждыгы жѳнγндѳ кγбѳлѳндγрмѳ жиберет. Коммуникацияны алмаштыруу анын ээсинин эсебинен жγргγзγлѳт.
11. Ушул Эрежелердин бузулушуна жактардын жоопкерчилиги
11.1. Эгерде жер иштерин жγргγзγγчγлѳрдγн кγнѳсγ боюнча шаардык суу ѳткѳрγγчγ канализациялык торчолордон суу агуу пайда болсо,же алардын бγтγндγгγ бузулса анда «Кара- Балта суу каналы» МИси буюручунун ѳкγлγнγн катышуусунда акт тγзѳт. Анын негизинде келтирилген зыян γчγн (агып кеткен суунун колѳмγ, аварияны жоюу боюнча иштер, сарпталган материалдар жана γчγнчγ жактардын чыгашалары) эсеп жγргγзγлѳт.Бул учурда агып кеткен суунун кѳлѳмγ суу ѳткѳргγчγнγн бузулган жериндеги шарттуу диаметри боюнча андагы суунун ылдамдыгы (1м/сек.) боюнча авария башталып бузулган суу ѳткѳргγчтγ шаардык суу менен камсыз кылуу торчосунан ажырашына чейин убакыт боюнча эсептелинет. Эгерде авариянын башталыш мезгили такталбаса, анда баштапкы эсеп γчγн бузулган тγтγкчѳнγн ѳчγрγлγш убагына 24 сааты кошкон мезгил эсепке алынат. Аварияны жараткан мекеменин ѳкγлγ актка кол тамгасын коюудан баш тартса, актка ѳзγн-озγ башкаруу органынын (жергиликтγγ администрациянын) ѳкγлγ же γч адамдан турган комиссия кол тамгасын коёт.
11.2. Суу керектѳѳ объектисинин ээси берилген шаардык канализацияга жана суу ѳткѳргγчγнѳ кошуу бѳлγгγ боюнча техникалык шарттарды аткарбаса, тѳгγγчγ бекетке агындыларды ѳз убагында алып кетпесе, оюъект шаардык суу ѳткѳргγчтѳн ѳчγрγлѳт, анын ээси болсо административдик жоопкерчиликке тартылат.
11.3. Иш аткаруучунун кайрылуусу боюнча (суу керектѳѳчγ объектисинин буюруткучу) шаардык суу менен камсыз кылуу системасынын бѳлγгγ ѳчγрγлγп, берилген убакытта жетишпесе, анда суу керектѳѳчγлѳргѳ жеткизилбеген суунун кѳлѳмγнγн эсебинен келтирилген чыгымдар алынат.
11.3.1.Эгерде объектини кошуу боюнча курулуш иштери башталбаса, анда барилбеген сууга тѳлѳмдѳрдγн кѳлѳмγ ѳчγрγлгѳн суу ѳткѳргγчтγн кесилиши жана андагы суунун ылдамдыгы (3м/сек.) ѳчγрγлгѳн убакыт боюнча эсептелинет.
11.3.2. Эгерде ишти аткаруучу берилген убакытта ѳзγнγн милдетин аткара албаса, анда берилбеген суу γчγн тѳлѳм суунун ылдамдыгынын (3м/сек.) жана ѳчγрγлгѳн суу ѳткѳрγгγчтγн кесилиши боюнча суу берген убакыт боюнча аныкталат.
11.4. Ишти аткаруучу боюнча (суу керектѳѳчγ объектисинин куруу буюруткучу)ѳз алдынча шаарык суу менен камсыз кылуучу системасынан ѳз алдынча ѳчγрγγнγ жγргγзсѳ, анда «Кара- Балта суу каналы» МИсине келтирилген зыян берилбеген ичγγчγ суунун кѳлѳмγ боюнча эсептелинет. ѳчуБерилбеген суунун кѳлѳмγ суунун ылдамдыгынын (3м/сек.) жана ѳчγрγлгѳн суу ѳткѳрγгγчтγн кесилиши боюнча суу берген убакыт боюнча аныкталат.
11.5. Эгерде ѳз алдынча шаардык канализациялык торчого кошулуу аныкталса, юридикалык жана физикалык жак кγнѳлγγ жактын эсебинен ѳчγрγлѳт. Бул учурда тартип бузучууга суу ѳткѳргγч жана канализация менен пайдалануу γчγн тѳлѳм ѳз алдынча кошулуу кγнγнѳн же кошулууну же таппкан убакыттан ѳчγрγлгѳн убакытка чейинки сууну ылдамдыгы 3м/с 24 саатта болгондугу эсептилет. Эгерде кошулуу (пайдалануу) убагын аныктоого мγмкγндγк болбосо анда суу жана канализация менен пайдалануу убагы бир ай аралыгы болуп эсептелинет. Мындай учурларда тартип бузуучуга суу ѳткѳргγч жана канализация менен пайдалануучуга тѳлѳм 24 сааты кошкон мезгил эсепке алынат. Аварияны жараткан мекеменин ѳкγлγ актка кол тамгасын коюудан баш тартса, актка ѳзγн-озγ башкаруу органынын (жергиликтγγ администрациянын) ѳкγлγ же γч адамдан турган комиссия кол тамгасын коёт.
11.6.Жергиликтγγ иш кагаздарда кѳрсѳтγлгѳн ѳндγрγштγк агынды сууларды канализация системасына кабыл алуу зыян заттардын ПДкасы ашкан ѳндγрγштγк агымдардын жалпы таштоосу табылса ,анда «Кара-Балта суу каналы» МИси юридикалык жана физикалык жака зыянды кайра келтирγγ жѳнγндѳ искки менен кайрылууга укуктуу. Кγнѳлγγлѳрдγ тартипке чакыруу γчγн тийиштγγ иш кагаздар органдарга берилет.
11.7. «Кара-Балта суу каналы» жазма тγрγндѳгγ эскертγγдѳн кийин (ушул Эреженин 7.4. пункттуна ылайык) абонентти (субабонентти) шаардык суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу торчолоруна аны келтирген зыянды ѳз эсебине тγшγрγγ менен ѳчγрγγ укугуна ээ.
Канализациялык торчого тγтγкчγлѳрдγ бузган жумушчулардын жашоосуна коркунучтуу болгон же нефть продуктыларын ,кγйγчγγ заттарды камтыган агындыларды табууда:
-канализациялык торчолордо атайы жабдууну койуу талаптары аткарылбаса;
-башка абоненттердин суу ѳткѳрγγ канализациялык торчосуна сууну керектѳѳчγлѳрдγн ден соолугуна коркунуч туудурган заттардын тγшγшγн тапканда.
11.8. Эгерде абонент ичγγчγ сууну койулган лимиттен ашыкча пайдаланса « Кара-Балта суу каналы» МИси тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу:
-лимитти ашпаган сууну ѳткѳрγγ γчγн жабуучу арматураны жѳнгѳ салуусун жγргγзγγ;
-лимиттен тышкары пайдалануу суу γчγн тѳлѳмдγ «Кара-Балта суу каналынын» МИсинин кирешесине 5 эсе алуу.
11.9. Эгерде турак жана турак эмес имараттын ээси γйдγн ички суу ѳткѳргγч торчолоруна кирγγнγ камсыз кылбаса анда «Кара-Балта суу каналы» МИси ал торчолордду техникалык тейлѳѳсγнѳ жоопту болбойт.Сууну берγγнγн жана агындыларды жок кылуунун бузулуры жѳнγндѳ жазма тγрγндѳ имараттын ээин кγбѳлγндγрѳт.
11.10. Кыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайык «Кара-Балта суу каналы»МИси ушул эрежелерди аткарбагандыгы γчγн абонентерге жана γчγнγ жактарга зыяндын ордун толтурат.
11.11.Абоненттин ички суу ѳткѳргγч торчолорунда табылган бузулуулары ревизиянын оң болбошу аспаптардын,суу ѳткѳргγчтѳрдγн тээктердин аспаптардын туура эмес аракеттери γчγн менчикти суу менен каптоого алып келген зыян γчγн келишимдин шаттарына ылайык жоопту болот.
11.12. Эгерде абонент сууну эсептѳѳчγ аспаптарга «Кара-Балта суу каналынын» ѳкγлγнγн бош кирγγнγ камсыз кылбаса пайдаланган суунун кѳлѳмγ тγтγкчѳнγн кесилиши жана суунун кγнγ/тγнγ 3 м/с ылдамдыгы боюнча эсептелинет.Кийинки эсептѳѳчγ мезгилде эсептѳѳ приборлорун пайдаланууда тартип бузуу табылбаса сууну пайдалануу эсеби аспаптын кѳрсѳткγчγ боюнча аныкталат.
11.13. ¤рт ѳчγγрγчγ гидранттан сууну ѳз алдынча пайдалануу сарпталган суунун кѳлѳмγ ылдамдыгы 3 м/с болгон гидранттын ѳткѳрγγ мγмкγнчγлγк боюнча аныкталат.Эгерде гидранттка ѳз алдынча кошулуу убагын аныктоого мγмкγндγк болбосо суу менен пайдалануу убагы бир ай болуп эсепелинет.
11.14. Ушул эрежедеги 5.2.1.,5.2.2.,5.2.4. пункчаларын бузуулар табылса «Кара-Балта суу каналы» МИси абонент менен сарпталган суунун кѳлѳмγнγн эсеби суу керектѳѳчγ тγтγкчѳгѳ келтирилген аспаптын кесилиши жана андагы суунун ылдамдыгы (3 м/с) боюнча кγнγ/тγнγ бир айдын ичиндеги тариф боюнча аныкталат
11.15..2.3.4.,11.1.,11.3.,11.4.,11.5.,11.12.-11.14. пунктарында кѳрсѳтγлгѳн учурдагы суу менен жана канализация менен пайдалануу γчγн эсептѳѳлѳргѳ негиз болуп эки тараптык «Кара-Балта суу каналы»МИси ээнин ѳкγлγ же ѳзγн ѳзγ башкаруу органынын же γч адамдан турган комиссиянын катышуусу менен сууну керектѳѳ бузуулары жѳнγндѳ акт тγзγлѳт.
11.16. 11.15 пунктуна ылайык эсептелген каржы каражаттары «Кара-Балта суу каналы» МИсинин эсебине жиберилет.
11.17. «Кара-Балта суу каналы» МИсинен кѳз каранды болбогон бузулуулар болбосо жана аны кѳз карандысыз эксперттер,сот далилдесе кѳрсѳтγлгѳн кызматтардын сапатынын бузулушу жоопкерчилигинен бошотулат.
Кара-Балта шаарындагы турак γйлѳрдѳ бир адамга муздак суунун жайлуулук деңгээлине карата сарпталынышы жана шаардык канализацияга ысык сууну таштоо эсеби менен сууну бѳлγγ ченемдери.
1.Ичγγчγ суунун кѳлѳмγ жеке суу ченегичтин кѳрсѳтγγчγ боюнча аныкталат.
2.Муздак сууну эсептѳѳ жеке аспабы жок болгон учурда керектγγлγчγ суунун кѳлѳмγ суу керектѳѳ ченемдери боюнча аныкталат.
3.Агынды суулардын кѳлѳмγ муздак жана ысык сууну эсептѳѳ кѳрсѳткγчтѳрγ боюнча аныкталат.
4.Эгерде муздак жана ысык суунун кѳлѳмγн эсептѳѳ аспаптары жок болсо агынды сууларды кѳлѳмγ суу керектѳѳнγн ченеми боюнча аныкталат.
5.Канализация жана суу менен камсыз кылуу ченемдери:
№ п/п | Аталышы | Сууну керектѳѳ ченемдери Суткасына литр | Суунун буруу ченемдери литр суткасына |
1. | Кѳчѳ колонкаларынан керектѳѳ | 35 | - |
2. | Короо колонкаларынан | 60 | - |
3. | Борбордоштурулган канализациясыз γйдѳгγ суу ѳткѳргγч менен | 100 | - |
4. | Борбордоштурулган канализациясыз суу ѳткѳргγч жана суу жылытуучу колонкалар мене | 165 | - |
5. | Жылытуучу колонкалар,ванна,канализация,суу ѳткѳгγч менен | 170 | 170 |
6. | Жылытуучу колонкалар,ванна,канализация,суу ѳткѳгγч менен кѳп кабаттуу γйлѳр 310 | 310 | 470 |
7. | Жылытуучу колонкалар,ванна,канализация,суу ѳткѳгγч менен жеке менчик γйлѳр | 310 | 470 |
Шаардык канализацияны кабыл алган ѳндγрγштγк агынды сууларга коюлган жалпы талаптар
Агынды суулардын тγзγлγшγн жана ѳзгѳчѳлγгγ | Уруксат берилген концентрациясы |
ѳлчѳлгѳн заттар | 7,45 |
кγлдγгγ | 30 |
БПК5 г/м3 | 300 |
ХПК, мг/л | 450 |
Чѳйрѳнγн активдγγγ реакциясы рН | 6,5-8,5 |
Цельсия боюнча температура | 40 |
Тыгыз калдык мг/л, анын ичинде | 1000 |
Хлориддер | 350 |
Сульфаттар | 500 |
фосфаттар | 5,0 |
Шаардык канализацияга кабыл алынган зыян заттардын уруксаат берилген концентрациясынын ченемдери
Заттардын аталышы | ПДК мг/л |
Эфирде эриген | 15 |
Нефть заттары | 0,3 |
фенолдор | 0,001 |
СПАВ | 0,08 |
Кадмий | 4,0 |
жез | 0,5 |
цинк | 1,0 |
никель | 0,1 |
цианиддер | 0,005 |
Хром6+ | 0,4 |
Хром3+ | 4,0 |
темир | 5,0 |
«Кара-Балта суу каналы» МИсинин директору В. Алеев
| Кара-Баолта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4июну № 11 токтому менен бекитилген |
Кара-Балта шаарында суу тγтγктѳрγнγн тармагын жана канализацияны пайдалануу
ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 17-августундагы № 07 , 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

(Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
1.Ичγγчγ суунун кѳлѳмγ жеке суу ченегичтин кѳрсѳтγγчγ боюнча аныкталат.
2.Муздак сууну эсептѳѳ жеке аспабы жок болгон учурда керектγγлγчγ суунун кѳлѳмγ суу керектѳѳ ченемдери боюнча аныкталат.
3.Агынды суулардын кѳлѳмγ муздак жана ысык сууну эсептѳѳ кѳрсѳткγчтѳрγ боюнча аныкталат.
4.Эгерде муздак жана ысык суунун кѳлѳмγн эсептѳѳ аспаптары жок болсо агынды сууларды кѳлѳмγ суу керектѳѳнγн ченеми боюнча аныкталат.
5.Канализация жана суу менен камсыз кылуу ченемдери:
№ п/п | Аталышы | Сууну керектѳѳ ченемдери Суткасына литр | Суунун буруу ченемдери литр суткасына |
1. | Кѳчѳ колонкаларынан керектѳѳ | 70 | - |
2. | Короо колонкаларынан | 100 | - |
3. | Борбордоштурулган канализациясыз γйдѳгγ суу ѳткѳргγч менен | 180 | - |