Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 30/106
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009–жылдын 20–июлундагы №241 Мыйзамынын 27–28–беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009–жылдын 8–декабрындагы №743, 2010–жылдын 25–мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө» Жоболордун талаптарына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013–жылдын 22–февралындагы №30 Мыйзамынын 1–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, статистикалык маалыматтар боюнча Кызыл–Кыя шаарынын аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаганын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) ХХХ сессиясынын кабыл алынып жаткан токтомдору, сессиялардын мындан кийинки 2015–жылдын аягына жана 2016–жыл ичинде V чакырылыштын мөөнөтү аяктаганга чейинки кабыл алынуучу токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кенешинин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Маткалыков |