Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели № 30/109
Кызыл-Кыя шаарынын “Восток 2” жана “Машзавод” жаны конуштарынын
ички жолдоруна шагал төшөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012–жылдын 29–июнундагы №462–токтому менен бекитилген “Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө” жобонун талабына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясында бекитилген Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылдагы бюджетинин 3111“Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан ушул максаттарга акча каражатын бөлсө боло тургандыгы боюнча Кызыл–Кыя шаардык каржы бөлүмүнүн берген корутундусун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы (И. Жолдошовко) шаардын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2015–жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 3111“Активдер жана милдеттенмелер” статьясынан 2196700,0 (эки миллион бир жүз токсон алты миң жети жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты Кызыл–Кыя шаарынын “Восток 2” жана “Машзавод” жаңы конуштарынын ички жолдоруна шагал төшөө үчүн үлүштүк (түрткү берүүчү) грантка жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттин үлүшү катары бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы (А.Эрматовко), башкы эсепчиси (М.Сапаровага) бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана акча каражатын пайдалануу боюнча бухгалтердик отчетун камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Маткалыков |