Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 4
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
жылдын аягына иштетилбей калган
акча каражаттарын баскычтарга жылдыруу
жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жылдын аягына иштетилбей калган акча каражаттарын баскычтарга жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1 бөлүмдүн 2222 баскычына иштетилбей калган 436.7 мин сом кача каражаты 1 бөлүмдүн 2215 баскычына, 2214 баскычында иштетилбей калган 100.0 мин сом акча каражаты 2215 баскычына которулсун.
- 2211 баскычындагы иштетилбей калган 82.0 мин сом акча каражаты 2224 баскычына которулсун.
2. 8 бөлүмдүн 2211 баскычындагы иштетилбей калган 18.0 мин сом акча каражаты жана 2222 баскычында иштетилбей калган 20.0 мин сом акча каражаты, 2215 баскычына 38.0 мин сом акча каражаты которулсун.
3. 8 бөлүмдүн (клуб) 2211 баскычында иштетилбей калган 18.0 мин сом акча каражаты жана 2222 баскычында иштетилбей калган 28.0 мин сом акча каражаты, 2215 баскычына 46.0 мин сом акча каражаты которулсун.
4. 9 бөлүмдүн (мектеп) 2212 баскычындагы иштетилбей калган 8.0 мин сом акча каражаты 2215 баскычына которулсун.
5. 9 бөлүмдүн (бала бакча) 2222 баскычындагы иштетилбей калган 163.0 мин сом акча каражаты 2221 баскычына которулсун,
- 2222 баскычындагы 100.0 мин сом акча каражаты 2215 баскычына которулсун.
- 9 бөлүмдүн атайын эсебиндеги (бала бакча) 2222 баскычындагы иштетилбей калган 3-кв- 20.0 мин сом, 4-кв.- 25.0 мин сом, бардыгы 45.0 мин сом акча каражаты 2218 баскычына которулсун.
- 9 бөлүмдүн (балдар бакчасы) 2215 баскычына Чек айылындагы балдар бакчасына 15.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. 1 бөлүмдүн 2215 баскычына мектептердин олимпиадасын өткөрүү үчүн 46.0 мин сом, жаны жылдык елка өткөрүү үчүн 35.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовго жана айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Эркебаевге тапшырылсын.
Дара айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Н. Мусаев |