Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 23
“2013-жылдын 25-апрелиндеги №22 “Теплоключенка айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын бекитүү жөнүндө” токтомго толуктоо киргизүү жөнүндө”
Айылдык кеңешинин туруктуу агрардык комиссиянын сунушунун негизинде айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүу шарттарын карап чыгып, айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “2013-жылдын 25-апрелиндеги №22 “Теплоключенка айыл аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын бекитүү жөнүндө” токтомго толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомдун 1-пунктуна төмөндөгү сөздөн кийин “1-2 категориядагы жерлер” “биринчи кезекте” деген сөз киргизилсин жана “жашаган тургундарына” деген сөздөн кийин “бир үй-бүлөгө” деген сөз киргизилсин.
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
4. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсун.
Тѳрага: | К.С. Джаныбеков |