Загрузка документа…
КУМБЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 2
«2015 жылы Кумбел айыл аймагына эмгегин сиңирген «Кызыл Бирлик» колхозунун негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, мамлекеттик жетекчи ишмер Жоломанов Суранаалынын 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө»
Кумбел айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХ кезексиз сессиясынын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарынын тургундарынан турган демилгелүү топтун жазган кайрылуусунун негизинде «Кызыл Бирлик» колхозунун негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, мамлекеттик жетекчи ишмер Жоломанов Суранаалынын 100 жылдык мааракеси 2015-жыл ичинде өткөрүлүүчү иш чараларга киргизилсин.
2. Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарынын тургундарынан турган демилгелүү топтун жазган арызынын негизинде, демилгелүү топтун жетекчиси Ө. Джоломановдун айылдык жыйында берген маалыматын эске алып, Кумбел айыл аймагынын Булан-Сөгөттү айылындагы азыркы Ленин көчөсүн Суранаалы Жоломановдун ысымына өзгөртүлүп, Кумбел айыл аймагынын Бостери айыл аймагы менен чектешкен жеринен баштап, Корумду айылындагы Т. Осмонов көчөсүнө чейин Суранаалы Жоломановдун ысымы берилсин.
3. Кумбел айылдык кеңешинин XXV чакырылышынын 2011-жылдын 19-октябрында өткөн кезектеги XXXVII сессиясында «Жаңы конушка Жоломанов Суранаалынын ысымын коюуу жөнүндө» чыгарган №1 токтому жана Дөң-Саздагы алма бакка дагы ысымы берилип аткарылсын.
4. Тиешелүү иш чараларды аткаруу айыл өкмөт башчысы М.Т. Артыкбаевге милдеттендирилсин.
Кумбел айылдык кеңешинин тѳрайымы: | Атаханова Р.Ж. |