Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-январы № 15/1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын» «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине таянып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Ак –Суу айыл өкмөтүнүн aksuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳргасы: |
К. Тѳрѳкулов |